Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 07-августу № 3
«Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүнкошумча тизмектерин бекитүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Буркановдун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмектерин угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында Муниципалдык кызмат көрсөтүүнүн кошумча тизмектери №1тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомду ишке ашыруу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |