Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII-чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
2017-жылдын 07-августу № 4
"Карача айылына жаны мектеп куруу жөнүндө"
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Буркановдун Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндөгү” мыйзамына ылайык, жергиликтүү коомчулукка кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын жогорулатуу максатында Бүткүл Дүйнөлүк Мусулман Жаштар Ассамблеясынын фондусу тарабынан Кыргыз Республикасынын ӨКМнин корутундусунун негизинде Карача айылындагы эскилиги жеткен мектепти жаңылоо жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бешик-Жон айыл аймагынын Карача айылындагы №8Карача орто мектебинин №2 окуу корпусу жараксыз абалга келгендигине байланыштуу, кайрадан мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдардын эсебинен курууга жана жергиликтүү салымга акча каражатын бөлүп берүүгө уруксат берилсин.
2. Мектеп куруу үчүн демөөрчүлөрдү табуу жагы Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |