Загрузка документа…
БЕШИК-ЖОН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 07-августу № 6
“Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө Мамлекеттик укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө”
Бешик-Жон айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы, Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн орун басары Ж.Буркановдун 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткөрулүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгы менен түзүлгөн келишими боюнча берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2016-жылдын 11-апрелиндеги №202 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндө өткорулүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн Мамлекеттик салык кызматынын Базар-Коргон району боюнча башкармалыгы менен келишим түзүүгө макулдук берилсин.
2. Келишим менен иш алып баруу жагы ФЭБ башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду Бешик-Жон айыл өкмөтүнүн WWW.beshikjon.kg веб сайтына жарыялоо жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп келүү жагы жооптуу катчыга милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин « Бюджет, өнөр жай, курулуш, муниципалдык менчик жана инвестицияларды тартуу, элге керектүү товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | А. Масабиров |