Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 27/6-7
“Кара-Көл шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “ Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесин жана Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнчаБорбордук шайлоо комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлундагы токтому менен бекитилген “Аймактык, участкалык шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндө” Жобонун 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, Кара-Көл шаарынын мекеме-ишканаларынын, шайлоочулардын жыйындарынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына көрсөтүү сунуштарын карап жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаар аймагынын Кара-Көл шаардык кеңешинин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдик курамына талапкерлер №1- тиркемеге ылайык көрсөтүлсүн.
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин аппаратына токтомду жанан ага тиркелген документтерди токтоосуз аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүү милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу шаардык кеңештин мандат, регламент, этика, укуктук маселелери жана коомдук уюмдар, партиялар менен иштөө, идеология, дин иштери боюнча туруктуу комиссиясына ( Өскөн уулу Калыбай) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |