Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 28/6-7
Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. №20/4-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын 1 Вице-мэри Н.С.Жекшеевдин 12.06.2017-ж. чыгыш №05-22/1394, №05-22/1399 жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун 16.06.2017-ж. чыгыш №01-04/64, №01-04/65, №01-04/66, №01-04/67, №01-04/68, №01-04/69, №01-04/70 сандуу кайрылуу каттарындагы маселелерин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаарынын 1 Вице-мэри Н.С.Жекшеевдин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгынын начальниги Ж.Т.Осмонкуловдун жана шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунуштары эске алынсын
2. Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. №20/4-7 сандуу токтомунун №5 тиркемесинде шаардык мэриянын социалдык-экономикалык программасында, же “Өнүгүү бюджетинин” РЕЕСТРиндеги 29,31- пунктундагы каражаттарга №1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгы (Ж.Т.Осмонкулов) бул токтомдон келип чыккан өзгөртүүлөр боюнча бюджеттик мекемелердин тиешелүү беренелерине тактоо (“уточнения”) киргизсин жана каржылоо шаардык кеңештин 27.04.2017-ж №20/4-7 сандуу токтомунун 5 пунктунун 1 подпунктуна ылайык ишке ашырылуусу сунушталсын.
4. Кара-Көл шаардык кеңешинин 27.04.2017-ж. №20/4-7 сандуу токтомунун №5 тиркемесинде шаардык мэриянын социалдык-экономикалык программасында, же “Өнүгүү бюджетинин” РЕЕСТРинин 19-пунктундагы К.Кулданбаев атындагы көчөдөгү суу насостун ремонтунун кызмат акысына коюлган 50,0миң сом акча каражатын суу насостун капиталдык ремонтуна запастык тетиктерди сатып алууга деп өзгөртүп каржылоого макулдук берилсин.
5. Шаардык мэрия (Еркеев И.М.) бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды Кыргыз Республикасынын тиешелүү Мыйзам талаптарынын негизинде ишке ашырсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |