Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 29/6-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.05.2017-ж. №25/5-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Кара-Көл шаарынын 1 Вице-мэри Н.С.Жекшеевдин 12.06.2017-ж. чыгыш №05-22/1389, 12.06.2017-ж. чыгыш №05-22/1398 сандуу кайрылуу каттарындагы маселелерин угуп жана талкуулап чыгып, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун эске алып, шаардык кеңештин кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Көл шаардык кеңешинин 30.05.2017-ж. №25/5-7 сандуу токтомунун №1 тиркемесинде шаардык мэриянын социалдык-экономикалык программасында, же “Өнүгүү бюджетинин” 6-пунктундагы каражатка №1 тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин.
2. Шаардык мэрия (Еркеев И.М.) бул токтомдон келип чыккан иш-чараларды Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзам талаптарынын негизинде ишке ашырсын.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов) бул токтомдон келип чыккан өзгөртүү боюнча шаардык дене-тарбия жана спорт бөлүмүнүн беренесине тиешелүү тактоо (“уточнения”) киргизсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (Еркеев И.М.), Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгына (Ж.Т.Осмонкулов), ал эми көзөмөлдөө шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (Чаргынов А.К.) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |