Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 30/6-7
“Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүдөгү чектөөлөр жөнүндө”
Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы С.Б.Кыдыралиевдин “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү үчүн чектөөлөрдү коюп берүү жөнүндө” кайрылуусун, шаардык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы №515 токтому менен бекитилген “Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө” типтүү жобонун 1-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык депутаттардын Кара-Көл шаардык кеңешинин 7-чакырылыштагы кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жазы-Кечүү аймактык башкармалыгынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитети жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүдө ижарачылардан 1 жылга төмөндөгүдөй ижара акыларын алсын:
2. Жайыт жерлерди жашылдандыруу үчүн 1 га жер үчүн 4440,0сом
3. Бал челек коючулар үчүн 1 айга бекер, сезонго 1га үчүн 4440,0сом
4. Жайыт жерлерди мыйзамсыз жашылдандырып, өздөштүрүп пайдаланып жүргөн жайыт пайдалануучулардан колдонуп жүргөн жерлерин мыйзамдаштырууну талап кылуу жана ушул токтомго ылайык ижара келишимдерин түзүү Жазы-Кечүү жайыт комиеттине (С.Б.Кыдыралиев) милдеттендирилсин.
5. Жерлерди ижарага берүүдө жайыт бирикмесинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинин катышуусунда турган комиссиянын кароосунун негизинде берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышы жайыт комитетине (С.Б.Кыдыралиев), ал эми көзөмөлдөө жагы Жазы-Кечүү айылынын аймактык башкармалыгына (К.А.Таштанкулова), шаардык кенештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Чаргынов) жүктөлсүн.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |