Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 31/6-7
“Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаты Э.Бабакановдун сунушу жөнүндө”
М.Сабиров көчөсүндөгү 32 батирлүү үйдүн учурдагы абалын териштирүү жана кабыл алууга даярдоо, ошондой эле Сабиров көчөсүндөгү № 69а үйүнүн “ Ак –Куу” магазинин алдынан жылуу суу түтүкчөлөрүн өткөрүү боюнча шаардык кеңештин депутаты Э.Бабакановдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, 7-чакырылыштагы Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Сабиров көчөсүндөгү 32 батирлүү үйдүн учурдагы абалын териштирүү жана кабыл алууга даярдоо жана Сабиров көчөсүндөгү № 69а үйүнүн “ Ак-Куу” магазининин алдынан жылуу суу түтүкчөлөрүн өткөрүү боюнча төмөндөгү курамда убактылуу жумушчу комиссия түзүлсүн:
Бабаканов Эркиналы
Кызалаков Мирбек Шаршеналиевич
Тайчабаров Амангелди Ормонович
Толубаев Гулжигит Акимжанович
Чыныкбаев Нузарбек Бобубекович
Шаменов Жаныбек Аттокурович
Жекшембиев Улан Султанбекович - ММБнын өндүрүш, курулуш маселелери боюнча жетектөөчү адиси
2. Убактылуу жумушчу комиссия өз ишин 2 айлык мөөнөттө жүргүзсүн.
3. Жумушчу комиссия белгиленген мөөнөт ичинде териштирилген малелер боюнча корутунду даярдап шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизсин.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |