Загрузка документа…
КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 21-июну № 32/6-7
«Кара-Көл шаардык кеңешинин төрагасы Б.Н.Кыргызалиевдин сунушу жөнүндө”
Кетмен-Төбө айылындагы таза суу түтүкчөлөрүнүн абалын текшерип, таза түтүкчөлөрүн оңдоп, таза суу чыгаруу, Жазы-Кечүү айылында таза суу чыгаруу, Жазы-Кечүү айлындагы спорт залды бүтүрүү иштери, Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндөгү кичи базар, Сабиров көчөсүндөгү 7-аянтчадагы кичи базар боюнча Б.Кыргызалиевдин сунушун угуп жана талкуулап чыгып, 7-чакырылыштагы Кара-Көл шаардык кеңешинин депутаттарынын кезексиз VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кетмен-Төбө айылындагы таза суу түтүкчөлөрүнүн абалын текшерип, таза түтүкчөлөрүн оңдоп, таза суу чыгаруу, Жазы-Кечүү айылында таза суу чыгаруу, Жазы-Кечүү айлындагы спорт залды бүтүрүү иштери, Кара-Көл шаарынын Серый көчөсүндөгү кичи базар, Сабиров көчөсүндөгү 7-аянтчадагы кичи базар боюнча төмөндөгү курамда убактылуу жумушчу комиссия түзүлсүн:
Абылов Рахматалы Абылович
Азимжанова Лариза Мадалбековна
Бабаканов Эльдияр Эркиналиевич
Джуробавев Жеңиш Сатаралиевич
Жанчаров Жаныбек Уркуналиевич
Казыбеков Эрлан Нурланбекович
Кызалаков Мирбек Шаршеналиевич
Карыпбаев Алмазбек Жеенбекович
Тайчабаров Амангелди Ормонович
Толубаева Зарипа Масалбековна
Чаргынов Адыл Камытбекович
Шаменов Жаныбек Аттокурович
Эстебес уулу Тилек
2. Убактылуу жумушчу комиссия өз ишин 2 айлык мөөнөттө жүргүзсүн.
3. Жумушчу комиссия белгиленген мөөнөт ичинде териштирилген малелер боюнча корутунду даярдап шаардык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизсин.
Төрага | Б.Н.Кыргызалиев |