Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 05-июлу № 04
Токтогул шаарынын мэрин шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө мыйзамынын 43-беренесине жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 27-декабрындагы № 424 токтому менен бекитилген “Шаардын мэрин шайлоо тартиби жөнүндө жобого” ылайык, Токтогул аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы З.Абдыкадыровдун Токтогул шаарынын мэри кызмат ордуна шайлоо өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча (05.07.2018-жылдагы № 01 Протокол) маалыматын угуп, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Энергетиктер” саясий партиясынын депутаты Болгонбеков Болот Турдуевич Токтогул шаарынын мэри кызматына шайлангандыгы белгиленсин.
2. Шайланган шаардын мэри өзүнүн кызмат ордуна Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан жогоруда аталган шайлоонун натыйжасы бекитилип жана расмий жарыялангандан кийин кирише тургандыгы эске алынсын.
3. Мыйзам талаптарына ылайык, жергиликтүү кеңештин бош калган мандатынын ордун ээлөөнү шайлоодогу “Энергетиктер” саясий партиясынын тизмесиндеги кийинки талапкерге ыйгаруу жагы Токтогул
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
6. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |