Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2018-жылдын 05-июлу № 05
19.01.2018-жылдагы кезектеги XXXII сессиясынын № 142 токтомунун 5-тиркемесине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик Кодексинин” талаптарына ылайык, Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Н.Көчөрканованын 03.07.2018-жылдагы № 314 сунушу боюнча Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумуштун зарылчылыгына байланыштуу, шаардык кеңештин 19.01.2018-жылдагы № 142 токтомунун 5-тикемесине өзгөртүү киргизүү боюнча бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу жалпысынан жактырылсын.
2. Корутундуга ылайык:
5-тиркеменин 51, 34-пункттарынан төмөндөгүлөр кыскартылсын:
Статья 2213 – 1000,0 миң сом ;
Статья 3111 – 1000,0 миң сом;
Жалпы: 2000,0 мин сом;
Бул акча каражаты А.Бердалиев атындагы № 39 кесиптик-лицейдин бөлмөлөрүн убактылуу пайдалануу үчүн оңдоп-түзөө иштерине 2221 статьясы боюнча жумшалсын.
3. Тендер өткөрүүнүн жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынан 65,0 миң сом акча каражаты 2221 статьясы боюнча кошумча чыгымдалсын (5-тиркеме, 53-пункт).
4. Ушул токтом менен киргизилген өзгөртүүлөр боюнча планга тактоо киргизүү Токтогул шаарынын мэриясынын ФЭБ башчысы Н.Кулузаковага милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэринин убактылуу милдетин аткаруучу Н.Көчөркановага жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Токтогул шаардык кеңешинин “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, менеджмент, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Касымов) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчы С.Наралиевага тапшырылсын.
9. Бул токтом Токтогул шаардык кеңешинин www.toktogul.kg вебсайтына жайгаштырылган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | М.Н.Жусупахунов |