Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 24-марты № 34/1
Көк-Жаңгак шаарынын 2016-жылдын жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын жергиликүү бюджетинин 2016-жылга киреше, чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын начальниги Э.Караевдин маалыматын угуп талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеш (VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2016-жылдагы киреше жана чыгашаларынын аткарылышы боюнча Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын начальниги Э.Караевдин маалыматы эске алынып 2016-жылга:
-атайын каражаттар, активдер жана милдеттенмелер менен кошулуп жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн такталган планы 15882,0 миң сом, аткарылышы 16199,9 миң сом анын ичинен: трансферттер 8738,0 миң сом, жергиликтүү киреше 5695,6 миң сом, атайын төлөмдөрдөн түшүчүү кирешелер 1762,4 миң сом;
-чыгашалары 15980,0 миң сом анын ичинен: бюджеттин аткарылышы 14217,6 миң сом , атайын төлөмдөрдүн аткарылышы 1762,4 миң сом өлчөмүндө бекитилсин. (Бюджеттин киреше чыгаша бөлүгү төрт баракта тиркелет).
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов |