Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 34/3
Көк-Жаңгак шаарынын жергиликтүү бюджетине кошумча каражат тушуруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин 2017-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө кошумча каражаттын түшүрүү боюнча карап талкуулап ( VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы)
ТОКТОМ кылат:
1.2017-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө бекитилген планына салыктардын эсебинен түшкөн кошумча 302,0 мин сом бекитилсин.
2.2017-жылдын киреше бөлүгүнүн: короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу үчүн жер салыгына -202,0 мин сом; жер ижарасынан түшкөн төлөм салыгына -100,0 мин сом кошумча каражат түшүрүү жагы Көк-Жаңгак шаарынын мэриясынын салык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Көк-Жаңгак шаардын мэрине жана шаардык кеңештин бюджет, финансы жана салык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдетендирилсин.
4.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов |