Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 34/4
Көк-Жаңгак шаарындагы айыл чарба багытында жерлердин базалык ставкасы жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-15/45 14.03.2017-жылдагы, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 25 январь 2017-дылдагы № 11-б каттарынын негизинде жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-ноябрндагы кеңешмесинин №17 протоколун турмушка ашыруу максатында шаардын дотацияда турусун кыскартуу боюнча, «Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337 статьясында каралган шаардагы айыл чарба багытындагы жерлерге болгон базалык ставкаларын жогорлатуу боюнча карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесине ылайык айыл чарба жер салыгынын ставкаларын көтөрүү:
-сугат жерлер 1 га 424 сом;
-кайракы жерлер 1 га 51,3 сом;
-көп жылдык бак дарактар 1 га 230 сом;
-чабындылар 1га 40,90 сом;
-жайыттар 1 га 25,40 сом бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын жер боюнча адиси Р.Талиповго жана салык бөлүмүнүн башкы адиси К.Мамытовага милдетендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Айтиевге милдетендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов |