Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 34/5
Көк-Жаңгак шаарындагы мал жандыктарын идентификациялоо иштерин уюштуруу жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-12/43 09.03.2017-жылдагы кайрылуу каты жана Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 27.02.2017-жылдагы № 38-б буйругун аткаруу максатында Көк-Жаңгак шаарындагы мал жандыктарын идентификациялоо иштерин уюштуруу жөнүндө карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы мал жандыктарын идентификациялоо иштерин уюштурууруда «Кыргыз Республикасынын мал жандыктарын индентификациялоо жөнүндө» мыйзамынын негизинде идентификацияга катышкан адистердин ар бир малды идентификациялоодо эмгек акы үчүн 30 (отуз) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэрине жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына милдеттендирилсин.
3. (.Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов |