Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы
2017-жылдын 24-марты № 34/6
Көк-Жаңгак шаарындагы таштандыларды тазалоо иштерине кызмат көрсөтүү менен төлөм тарифтерин бекитип берүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Көк-Жаңгак шаардык мэриясынын № 1-15/50 16.03.2017-жылдагы кайрылуу катын Көк-Жаңгак шаардагы коммуналдык менчик департаментинин жумушчуларынын айлык маянасын жогорлатуу үчүн карап талкуулап Көк-Жаңгак шаардык кеңеши (VI чакырылыштагы кезектеги ХХХIV- сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарындагы таштандыларды тазалоо иштерине кызмат көрсөтүү менен төлөм тарифтери коммуналдык менчик департаменти сунуштаган эсептердин негизинде 15 сом бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы шаардык коммуналдык менчик департаментинин жетекчиси И.Ходжамбердиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышынын көзөмөлгө алуу жагы шаардын мэри Ж.Юсуповго жана шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Айтиевге милдетендирилсин.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов |