Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги V - сессиясы
2017-жылдын 31-октябры № 5/5
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин № 1-15/165 30.10.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун шаардык кеңешке берген кайрылуу каты: Көк-Жаңгак шаарынын кире беришиндеги көпүрөдөн баштап Октябрь көчөсүнүн Ленин көчөсүнүн кесилишине чейин 2017-жылдын эсебинен проектинин негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү боюнча долбоорунун Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин туртку берүүчү грант эсебинен каржылоо үчүн каралган 2533000 ( Эки миллион беш жүз отуз үч миң сом) шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезектеги V-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарындагы кире беришиндеги көпүрөдөн баштап Октябрь көчөсүнүн Ленин көчөсүнүн кесилишине чейин долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү калктын жардамынын негизинде долбоордун 15% өлчөмү 447000 ( Төрт жүз кырк чети мин сом) каралсын.
2. Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |