Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 30- сессиясы
2016-жылдын 22-марты № 30-1
Акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Көпөева Зулайканын Аксы районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Өзбек Республикасы менен чектешкен чек ара участкаларында болуп жаткан чек ара маселелерине байланышкан кырдаалга байланыштуу чек ара кызматкерлерине моралдык жана материалдык жардам көрсөтүү үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү маселесин угуп жана талкуулап,жергиликтүү кеңештин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-суу айыл өкмөтүнүн чек ара участкаларында түзүлгөн кырдаалга байланыштуу заставадагы чек ара кызматкерлерине жана кырдаалды көзөмөлдөп турган укук коргоо органынын кызматкерлерине моралдык,материалдык жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бюджеттен 15000 (он беш миң) сом акча каражаты бөлүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын жергиликтүү кеңештин бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы М.Сагынбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Муратбеков |