Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын кезексиз 30- сессиясы
2016-жылдын 28-апрели № 31-1
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүнжергиликтүү бюджетинин 2017-2018-2019-жылдарга долбоорун бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2017-2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Э.Найманбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап,сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы Министригинен 2017-2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин долбоору төмөнкүчө берилген 2017-жылга 2425.0 сом, 2018 –жылга 2606,5 сом.
2. Жерге- Тал айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн алдын ала эсептөөлөрдү жүргүзүп 2017-жылга 3254.0 сомго,2018-жылга 3268.0 сомго,2019-жылга 3275.0 сомго план бекитилсин..
3. Салык агенттиги төлөөчү киреше салыгы(11111100) белгиленген жылдарга 919,0 мин сомдон, милдеттүү патенттин негизиндеги салык(11122100)айыл аймагында жеке менчик мончолор көбөйгөндүгүнө бойланыштуу 2017-2018-жылдарга 6,0 мин сомдон,2019-жылга 8,0 миң сомдон,ыктыярдуу патенттин негизинде салык (11122200)Жерге-Тал айыл аймагында жеке менчик мөмө-жемиш кургатуучу чакан цехтер көбөйгөндүгүнө байланыштуу 2017-жылга 185,0мин сом, 2018-2019-жылдарга 190,0 мин сомдон,короо жанындагы жана дачалык жер участокторун пайдалануу учун жер салыгы (13321100) белгиленген жылдарга 100,0миң сомдон планга бекитилсин.(13321200)айыл чарба жерлерин пайдалануу учун жер салыгынын ставкасы көтөрүлгөнүнө байланыштуу 280,0мин сомго,транспорт салыгы (11312100) өзгөрүүсүз 340,0 миң сомдон, сатуудан салык (11412100) 150,0 миң сомдон, (14142600) жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерин ижарага берүү көлөмү көбөйгөнүнө байланыштуу 2017-жылга 83,мин сом ,2018-2019-жылдарга 85,0 мин сомдон, айыл аймагында АБЗ (асфальт заводу) ишке кирип Аксай жана Гүлдүр Сай аймагындагы шагалдарды пайдаланганына байланыштуу (14151200) лицензия кармоого 50,0 мин сом ,«Альфа Телеком» жана «НурТелеком» ишканаларына калктуу конуштардан келишимдин негизинде жерди ижарага берүүнүн негизинде (14152100)калктуу конуштардыгы жер ижарасы үчүн акыга 2017-жылга 190,0 мин сом,2018-жылга 195,0 мин сомго, 2019-жылга 200,0миң сомго,айыл аймагындагы балдар бакчасынын эсебинен (14238900) атайын каражатка( ата-энелер төгүмү) 913,0 сом болуп кабыл алынсын.
4. Өздүк кирешенин 2017-2018-2019-жылдарга алдын ала эсептөөлөргө негиз көбөйтүлгөнүнө байланыштуу киреше бөлүгүнө пландарды өзгөртүү жагы Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигинен суралсын.
5. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторуна милдеттендирилсин.
6. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Э.Найманбаевага милдеттендирилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына (М.Сагынбаев ) жүктөлсүн.
Төрага | М.Муратбеков |