Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2016-жылдын 28-июлу № 30/1
Көк-Жаңгак шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын кайрылуусунун негизинде Көк-Жаңгак шаардык мэрия тарабынан сунушталган участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамы менен таанышып талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын ( 6-чакырылыштагы ХХX-cессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаардык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын жаңы курамына жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын өкүлдөрүнөн көрсөтүлгөн талапкерлерди өзгөртүү жана толуктолору менен бекитилсин.
(Талапкерлердин тизмеси 6 баракта тиркелет ).
2. Сузак аймактык шайлоо комиссиясынан Көк-Жаңгак шаарынан бекитилип берилген комиссия мүчөлөрүнүн талапкерлеринин участкалык шайлоо комиссияларынын тизмесине киргизүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаардын вице мэри С.Жусуповага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук , укук коргоо, этика арыз жана мамлекеттик кызмат маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчиси Г.Садыковага жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов |