Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(VI чакырылыштагы) кезексиз ХХX- сессиясы
2016-жылдын 28-июлу № 30/2
Сузак райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысынын №93 22.07.2016-ж. каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары Сузак райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн башчысынын статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишим менен таанышып талкуулап, Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттарынын ( 6-чакырылыштагы ХХX-cессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды беруу жөнүндө шаардык мэрия менен түзүлгөн келишим бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин мыйзамдуулук, укук коргоо, этика, арыз жана мамлекеттик кызмат маселелер боюнча туруктуу комиссиянын жетекчиси Г.Садыковага милдеттендирилсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | К.Курбанов |