Загрузка документа…
А.СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-марты № 23
Торкен айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун түз берүү жолу менен берилген жерлерди кароо боюнча
Торкен айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун түз берүү жолу менен берилген жерлерди кароо боюнча маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин
VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Торкен айылындагы кайра бөлүштүрүү фондунун түз берүү жолу менен берилген жерлерди кайрадан кароо иши 2018-жылдын ноябрь айына калтырылсын.
2. Торкен айылындагы Торкен чоӊ суусунун жээгиндеги жерлердин берилиши боюнча комиссия курамы түзүлүп, карап чыгуусу белгиленсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов айылдык кеңешинин айыл чарба, жер жана агрардык маселелер, курулуш, транспорт, энергетика, экология, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
6. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков. |