Загрузка документа…
А.СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылышынын VIII сессиясы
2018-жылдын 27-марты № 24
Көтөрмө айылынын Тоскоол участогундагы карьерден кум таштарды алуу боюнча
Көтөрмө айылынын Тоскоол участогундагы карьерден кум таштарды алуу боюнча. маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Көтөрмө айылынын Тоскоол участогундагы Бишкек-Ош жолунун жээгиндеги карьерден кум таштарды алууда ар бир машинасына 1500 ( бир миӊ беш жүз ) сомдон акча каражаты өндүрүлүүсү жана ал акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетине түшүүсү белгиленсин.
2. Бул маселе боюнча Көтөрмө айылынын айыл башчысы жана экономика, план, бюджет, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясынын курамына көзөмөлгө алуу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
4. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Төрага | У.Бучуков |