Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы
2017-жылдын 26-декабры № 8/1
Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевдин № 40 10.11.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаардык өз алдынча чарбалык эсептеги «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевдин № 40 10.11.2017-жылдагы кайрылуу катында көрсөтүлгөн: Кыргыз Республикасынын суу жана айыл-чарба министрлигинин 27.01.2001ж. №8 бекитилген буйругунун негизинде сунушталган төлөмдөрдү Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап талкуулап (VII чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бюджеттик мекемелерге 1 куб сууга 15 сом;
2. Коммерциялык мекемелерге 1 куб сууга 25 сом;
3. Жашоочулардын сырткы жана көчөдөгү суу түтүкчөлөрдөн колдонулган суу үчүн 45 сом;
4. Батирлерден жана короодо жайгашкан суу түтүкчөлөрдөн 60 сом;
5. Күнү-түнү аккан суу колдонгон жашоочулар үчүн 120 сом;бекитилип берилсин.
6. Бул токтомдун аткаруу жагы шаардык «Шар-Булак» участкасынын жетекчиси К.Киезбаевге милдеттендирилсин.
7. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы кеңештин экономика,өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жетекчиси С.Матназаровго жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |