Загрузка документа…
КӨК-ЖАҢГАК ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезексиз VIII - сессиясы
2017-жылдын 26-декабры № 8/2
Көк-Жаңгак шаарынын мэринин №1-15/195 25.12.2017-жылдагы кайрылуу каты жөнүндө
Көк-Жаңгак шаарынын мэри У.Исмаиловдун шаардык кеңешке берген кайрылуу каты: Көк-Жаңгак шаарынын Ломоносов көчөсүнүн 2018-жылдын эсебинен Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин туртку берүүчү грант долбоорунун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн кошумча акча каражаты жергиликтуу бюджеттен жана жергиликтуу калктын жардамы менен Көк-Жаңгак шаардык кеңештин депутаттары карап чыгып (VII-чакырылыштагы) кезексиз VIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Көк-Жаңгак шаарынын мэриясы сунуштаган Көк-Жаңгак шаарындагы Ломоносов көчөсүнүн долбоордун негизинде асфальт төшөө иштерин жүргүзүү үчүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджеттен жана жергиликтүү калктын жардамы менен долбоордун 15% өлчөмүнө экспертизанын жана даярдалган сметалык чыгымдардын негизинде кошумча 28623 сом (Жыйырма сегиз мин алты жүз жыйырма үч) сом бекитип берилсин.
2. Долбоордун жергиликтүү бюджеттен каржылоо жагы шаардын мэри У.Исмаилов жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Көк-Жаңгак башкармалыгынын жетекчиси Э.Караевге милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин экономика-өндүрүш жана инвестиция тартуу, жер, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана айыл чарба маселелер боюнча туруктуу комиссиясына (С.Матназаровго) тапшырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | Б.Маткаримов |