Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 9/2
2018-жылга Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын бюджеттик Кодексине негиз, Кербен шаардык Кеңешинин бюджет, финансы, пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун 2018-жылдын6-февралындагы № 31 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. 2018- жылга Кербен шаарынын жалпы бюджети
- киреше боюнча – 38790,8 мин сом ;
- чыгаша боюнча - 38790,8 мин сом ,
а.и. атайын каражат – 6740,0 мин сом суммасында бекитилсин.
2. 2019-2020-жылдарга Кербен шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу жактырылсын:
Кирешелер боюнча: 2019- жылга – 39244,6 мин сом суммасында
2020-жылга – 39244,6 миӊ сом
Чыгашасы 2019- жылга - 39244,6 мин сом суммада
2020-жылга – 39244,6 миӊ сом
2019-2020-жылга жактырылган Кербен шаарынын бюджетинин болжолдуу параметрлери алар кабыл алынуучу ар бир конкреттүү мезгилде тактоого жатат.
3. 2018- жылга Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү № 1, атайын каражат
№ 3 жана 2019- 2020- жылдарга болжолу № 4,№ 5 тиркемелерге ылайык жергиликтүү салыктардын булактары, мамлекеттик чегерүүлөр жана башка жыйымдар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлөрү белгиленсин.
4.2018- жылга Кербен шаарынын бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражат № 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
5. 2018- жылдын 1-январына бюджеттен калган калдык 5583,2 миӊ сом суммасында эсептелип, № 6 тиркемеге ылайык иш-чаралар каржылансын, анын ичинен өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу ,кесепетин жоюу жана эпидемиология боюнча иш чараларга - 200.0 мин сом,инвестициялык долбоорду колдоого-3000,0 миң сом, аксакалдар сотун материалдык, техникалык жактан колдоого-65,0 миң сом бөлүнсүн .
6. 2018-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган 497,8 мин сом суммадагы калдык толугу менен бала бакчалардын муктаждыктарын чечүү үчүн жумшалсын.
7.Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча ( эмгек акы , соц.фонд, тамак аш, медикамент) жүргүзүлсүн.
8. 2018-жылдын 1-январына карата шаардын бюджети боюнча жүгүртүлүүчү накталай акча- 100,0 миӊ сом суммасында бекитилсин.
9. «КР Бюджеттик Кодексинин» 24-беренесине ылайык,жалпы Кербен шаарынын
бюджетинин чыгашаларынын 1 (бир) пайызына чейинки өлчөмдө 320,5 мин сом эсебинде резервдик фонд түзүлсүн, анын ичинен 70 пайызы - 224,5 миӊ сом – мэр тарабынан , 30 пайызы – 96,0 миӊ сом шаардык Кенештин чечими менен аткарууга алынсын жана резервдик фонд Кербен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган, күтүлбөгөн чыгашаларды, ошондой эле социалдык – маданий жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча приоритеттүү долбоорлорун багыттуу каржылоо белгиленсин.
10. Резервдик фонддун эсебинен адистик майрам күндөрдү, жеке уюмдардын юблейлерин каржылоого тыюу салынсын.
11. Кербен шаарынын мэри жана ФЭБ башчысына, смета боюнча шаардык Кенешке бөлүнгөн каражатты башкаруу, тескөө Кенештин төрагасы тарабынан аткарылары жана ички бухгалтериялык документтер төраганын колу менен бекитилери эскертилсин.
12. Кербен шаарынын мэриясы :
-бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн;
-бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш чараларды иштеп чыксын жана аны аткарууну туруктуу комиссия төрагалары менен бирдикте жүргүзүшсүн;
-Финансылык тартипти чындоо боюнча КР бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылсын;
- Кербен шаарынын мэриясына 2018-жылдын жарым жыл ичинде, калкты тейлөөдө ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында бирдиктүү терезени камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин;
- Мэриянын алдындагы «турак жай жана коммуналдык чарбасын» өз алдынча муниципалдык ишканага кайра түзүү боюнча аракеттерди көрсүн;
- 2017- жылдын бюджетин аткарууда кетирилген кемчилдиктерди жоюуу боюнча алты айдын жыйынтыгы менен Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин отчету сессияда угулсун.
13. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
14. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
15. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Р.Момуновго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |