Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
2018-жылдын 09-февралы № 9/4
КР Эсептөө палатасынын “01.01.2016-31.12.2016-жыл аралыгында Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча текшерүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу” кайрылуусу жөнүндө
КР Эсептөө палатасынын “Кербен шаарынын 01.01.2014-жылдан 31.12.2015-жылга чейинки бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча текшерүүсүнүн” жыйынтык отчету тууралуу Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча бөлүнүшүнүн жетекчиси А.Тажиевдин 28.06.2016-жылдагы № 01-12/475 сандуу билдирүүсүн караган Кербен шаардык Кенешинин бюджет, финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 3-августундагы № 48 токтомун талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. 2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана натыйжалуу аткарылышы боюнча Кербен шаарынын мэриясы тарабынан бюджеттик мыйзам бузууларга жол берилгени белгиленсин.
2. Кербен шаарынын мэри:
- мэрия тарабынан мыйзам бузууга жол берген тиешелүү кызматкерлерге чара көрүлгөндүгү эске алынсын;
- КР эсептөө палатасынын аудитинин отчеттунда көрсөтүлгөн сунуштары боюнча иш чараларды иштеп чыксын жана бюджеттик мыйзамдарга ылайык иш алып барсын;
- Кербен шаардык Кеңешинин бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча токтомдорунун чегинде иш алып барууну жетекчиликке алынсын.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб - сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин финансы, бюджет жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Зыябековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |