Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27-апрели № 1
«Менчик мал багарлардын жана ветеринардык сервиздин малдарды эмдөө үчүн 2018-жылга карата кызмат акысын бекитүү жөнүндө”
Момбеков айыл Өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А Ороздун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 16-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн ветеринардык инспектору А Ороздун маалыматы эске алынсын.
2. Менчик мал багарлардын 2018-жылга карата кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин :
1) Кара малга бир баш 300 сом
2) Кой, эчкиге бир баш 80 сом
3) Жылкыга бир баш 500 сом
(малдардын тузу, жайыттын ижара акысы ичинде)
3. Ветеринардык сервиздин малдарды эмдөө үчүн кызмат акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1) Кара малга бир баш 50 сом
2) Кой, эчкиге бир баш 15 сом
3) Жылкыга бир баш 50 сом
4) Тоокко бир баш 10 сом
4. Малдар жайлоодон келгенден кийин бекитилген баа менен мал ээлери менен эсептешүү жагы менчик мал багарларга эскертилсин.
5. Менчик мал багарлардын жана ветеринардык сервиздин малдарды эмдөө үчүн бекитилген кызмат акысы боюнча маалыматты жер-жерлерде менчик мал багарларга жана айылдын тургундарына жеткирүү жагы айыл башчыларына жана депутаттарга жүктөлсүн.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |