Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХУ11-чакырылышынын 16-сессиясы
2018-жылдын 27-апрели № 5
«Социалдык обьектилерге калтырылган айыл Өкмөтүнүн муниципалдык жеринен 0,08 сотых жер аянтын Жазгак айылына мечит куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндө”
Жазгак айылынын тургундарынын жазган арызынын негизинде Момбеков айыл Өкмөтүнүн социалдык обьектилерге калтырылган муниципалдык жерден 0,08 сотых жер аянтын Жазгак айылына мечит куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кенешинин ХХVII-чакырылышынын 16-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн трансформациядан чыккан социалдык обьектилерге калтырылган муниципалдык жерден 0,08 сотых жер аянты Жазгак айылына мечит куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Мечитке тиешелүү иш кагаздарынын каражаттарын каржылоо менен толугу менен документтештирүү жагы Кыла айылынын имамы Ш Жумабаевге жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |