Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
ХХУ11-чакырылышынын 16-сессиясы
2018-жылдын 27-апрели № 9
«Момбеков айыл Өкмөтүнүн муниципалдык жеринен 0,06 сотых жер аянтын Момбеков айылына мечит куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндө”
Момбеков айылынын тургундарынын жазган арызынын негизинде айыл Өкмөтүнүн муниципалдык жерден 0,06 сотых жер аянтын Момбеков айылына мечит куруу үчүн ажыратып берүү жөнүндөгү жер боюнча башкы адиси
Б Раманкуловдун маалыматын угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык Кеңешинин ХХVII-чакырылышынын 16-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Момбеков айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловдун маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл Өкмөтүнүн муниципалдык жерден 0,06 сотых жер аянты Момбеков айылына мечит куруу үчүн ажыратылып берилсин.
3. Мечитке тиешелүү иш кагаздарынын каражаттарын каржылоо менен толугу менен документтештирүү жагы Момбеков айылынын тургуну Н Эргешовго жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелери боюнчатуруктуу комиссиясына жана айыл Өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Раманкуловго жүктөлсүн.
Төрага | Т. Стамбаев |