Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш кезектеги IX-сессия
2018-жылдын 11-июну № 1
Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын эсептөө комиссиясынын протоколун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 43-беренесинин негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясынын Жалал-Абад шаарынын мэрин шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын протоколу бекитилсин.
2. Тагаев Мураталы Абдыкарович Жалал-Абад шаарынын мэри болуп шайланды деп эсептелинсин.
3. Жалал-Абад аймактык шайлоо комиссиясына ушул токтомду Борбордук шайлоо комиссиясына жеткирүү жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом кабыл алынган учурдан тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тургунбаев |