Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш кезектеги IX-сессия
2018-жылдын 11-июну № 2
Жалал-Абад шаардык кеңештин төрагасы жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы М.Тагаев Жалал-Абад шаарынын мэри саясий кызматына шайлангандыктан жана өзүнүн берген арызына ылайык, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 37-беренесинин 1-пунктуна жана Жалал-Абад шаардык кеңешинин иштөө Регламентине ылайык депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы М.Тагаевдин арызы канааттандырылсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы кызматына Джолдошев Айбек Доолатбекович шайланды деп эсептелинсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом кабыл алынган учурдан күчүнө кирет.
Төрага | М.Тургунбаев |