Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII-чакырылыш кезектеги IX-сессия
2018-жылдын 11-июну № 3
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын 28-беренесинин 5-пунктун, 38-беренесинин, Жалал-Абад шаардык кеңешинин Регламентинин 3.4-пунктунун жана учурда төраганын орун басары болгон Н.Акановдун берген арызынын негизинде шаардык кеңештин уюштуруу I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Аканов Нурбек Калмаматовичдин берген арызы канааттандырылсын.
2. Жалал-Абад шаардык кеӊешинин төрагасынын орун басары болуп Ормоков Эрнисбек Абдижалилович шайланды деп эсептелинсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б. Беркбаевага) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага | М.Тургунбаев |