Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 13-апрель № 1
Ак-Жол айыл аймагындагы китепканалардын абалы, китепканачылардын элди тейлѳѳсү, мектеп окуучулары менен иш алып баруусу
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы китепканалардын абалы, китепканачылардын элди тейлѳѳсү, мектеп окуучулары менен иш алып баруусу айыл аймактык Кеңешинин билим берүү , социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы китепканалардын абалы жана анын материалдык –техникалык базасы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
2. Бардык китепканаларда мектеп окуучулары менен байланыш басаңдап кеткендиги белгиленип, китепкана башчыларына китепкана фондун көбөйтүү , адабий-көркөм китептердин санын толуктоонун ,окуучуларды китепти окууга чакыруунун үстүндө иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Кээ бир китепканаларда китепти жакшы күтпөгөндүктүн натыйжасында ным тартып , жараксыз абалга келген китептердин санынын өсүп бара жаткандыгы эске алынып китепканачыларга өз учурунда китепкананы желдетип, китептин сакталышына кам көрүү жагы эскертилип , жараксыз китептерди акты менен жокко чыгаруу жагы милдеттендиирлсин.
Төрага | Т.Батыралиев |