Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2018-жылдын 13-апрель № 3
Ак-Жол айыл өкмөтүнөн жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,көчүп келүү мөөнөттөрүн, жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, айып чегерүү акылары боюнча чыккан буйрукту кароо , бекитүү
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнөн жакынкы , алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,көчүп келүү мөөнөттөрүн, жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, айып чегерүү акылары боюнча чыккан буйрукту кароо , бекитүү жөнүндөгү Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаев жана айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VII –сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жакынкы ,алыскы жайыттарга көчүп чыгуу,көчүп келүү мөөнөттөрүн, жер айдоо компаниясына байланышкан тарифтер, айып чегерүү акылары боюнча 2018-жылдын 13-апрель күнү чыккан №111-тескемеси бекитилсин.
2. Айып акылар боюнча 2018-жылдын 27 –март айындагы жалпы элдик жыйындын жүрүшүндө түшкөн сунуштар жактырылсын жана колдоого алынсын(элдик жыйында түшкөн сунуш тиркелет).
Төрага | Т.Батыралиев |
2018-жылдын 13- апрели № 111
Айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында кызмат көрсөтүүнүн жана бада акыларын, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу мөөнөттөрүн жана айып акыларды белгилөө жөнүндө
ТЕСКЕМЕ
Жазгы айдоо, себүү, талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан кызмат көрсөтүү акыларын, мал багуучулардын бада акыларын, жазгы, жайкы жайыттарга көчүп чыгуу, көчүп келүү мөөнөттөрүн белгилөө, башка жактан мал алып келген атуулдарга акы төлөтүү, эгин талааларга түшкөн малдарга айып чегерүү акыларын белгилөө максатында
ТЕСКЕМЕ КЫЛАМЫН:
Жазгы айдоо, себүү талаачылык жумуштарында механизаторлор тарабынан көрсөтүлчү кызматтар механизаторлор менен биргеликте талкууланып, 2018-жыл үчүн гана Тегене жайыгынан дың жерди бузуу жагы эске алынып, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын (1 га жерге):
жер айдоо | -2500 сом |
агет салуу | -1300 сом |
малалоо | -1000 сом |
Айыл ичиндеги жер аянттары короо-жайдын ичи болгондугуна байланыштуу, төмөндөгү баа туура деп табылсын (1 га жерге):
жер айдоо | -4500 сом |
агет салуу | -2000 сом |
малалоо | -1000 сом |
Жайкы чөп чабуу мезгилинде механизаторлордун эмгегин эске алуу менен, төмөнкүдөй баа кабыл алынсын (1 га жерге):
косилка менен чөп чабуу – 1500 сом
грабил тартуу – 800 сом
пресстөө – 15 сом (даанасына)
Бадачылардын, жеке мал багуучулардын жазгы жайытка көчүп чыгуусунун акыркы мөөнөтү 30-апрелге, ал эми жайкы жайытка көчүп чыгуунун акыркы мөөнөтү 1-июнга белгиленсин (Аба ырайына карап, 7 күнгө уруксат берилет). Күзүндө жайлоодон көчүп келүү мөөнөтү 10-сентябрга белгиленсин (бул мөөнөттөр маршурту биздин территориядан өткөн бөлөк айыл өкмөттөрдүн бадачыларына да тиешелүү).
Бада акысы 1 айга төмөндөгүдөй баада белгиленсин:
-жандык малга 1 башка 60 сом (тузу ичинде).
-кара малга, жылкы 1 башка 250 сом (тузу ичинде).
Мал ээси тарабынан берилген туз малга сөзсүз берилүүсү жана жоголгон мал башка баш, жашка жаш төлөнүп берилүүсү бадачыга милдеттендирилсин.
Белгиленген мөөнөттөн мурун көчүп келген атуулдарга салынуучу айып акынын өлчөмү ар бир айылдарда өткөрүлгөн чогулуштардын сунушуна жана эгинге түшкөн малга салынуучу айып акынын өлчөмү 27.03.2018-жылы Ак-Жол айылында өткөрүлгөн элдик жыйындагы сунушка негиз бекитилсин (тиркеме 1).
Жайыттын тартыштыгына байланыштуу башка айыл аймактардан мал алып келбөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы мал чарба адиси Т.Суеркуловго, Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевге жана Т.Нурманбетовго милдеттендирилсин.
Эгерде, сырттан алынып келген мал болсо, ал үчүн КРнын “Жайыт жөнүндө” мыйзамынын негизинде ар бир кара мал, жылкыга 200 сом, жандык малга 40 сом акы төлөтүү колго алынсын.
Жандык малдарды жуутка түшүрүү акысы 1 баш жандык 10 сомдон, 1 баш жандыкты кыркуу 25 сомдон белгиленсин. Жуулбаган жандык малды бадага кошпоо жагы бадачыларга милдеттендирилсин.
Бул буйрукту турмушка ашыруу жагы Жайыт комитетине, мал чарба адисине жана айыл башчыларына жүктөлсүн.
Буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн жер адиси Ы.Молорбаевге жана Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевге жүктөлсүн.
Бул буйрукту бекитип берүү жагы айыл аймактык кеңешинин сессиясынан суралсын.
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы | Б.Мырзагулов |