Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 4
Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайынын берилишинин абалы , А.Мырзабеков атындагы негизги жана Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектептерин жетектеген мектеп жетекчилеринин жүргүзгѳн иштери жѳнүндѳ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясынын күн тартибиндеги 3- маселеси Ак-Жол айыл аймагындагы жалпы билим берүүчү негизги жана башталгыч мектептерде шашке чайынын берилишинин абалы , А.Мырзабеков атындагы негизги жана Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектептерин жетектеген мектеп жетекчилеринин жүргүзгѳн иштери жѳнүндѳ айыл аймактык Кеңешинин билим берүү , социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Рыспаевдин жана мектеп жетекчилеринин берген маалыматын угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн аймагындагы М.Сыдыков, Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү жана Ж.Орозалиев атындагы негизги мектебинде шашке чайын берүүнүн абалы жана мектептин тазалыктары жакшы жолго коюлгандыгы белгиленсин.
2. Айыл Окмотунун аймагындагы Разан-Сай айылындагы А.Жуманазаров атындагы жана А.Жолдошов атындагы башталгыч билим берүүчү мектептериндеги идиш-аяктарды коюучу , тамак ичүүчү жайдын тардыгы мектеп жетекчилигинин кемчилиги катары бааланып А.Жуманазаров атындагы башталгыч билим берүүчү мектебинин жетекчисине чара көрүү жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Т.Тыныбеков атындагы жалпы билим берүүчү мектебинин жетекчиси Н.Жуманалиевдин жыл ичинде жүргүзгөн иши “жакшы” деп табылып ал эми А.Мырзабеков атындагы негизги билим берүүчү мектебинин директору М. Асанбековдун жүргүзгөн иштери “канааттандырарлык” экендиги белгиленсин.
Төрага | Т.Батыралиев |