Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 6/1
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча малдарды идентификациялоонун жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн вет.инспекторунун отчету
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII - сессиясынын күн тартибиндеги 6/1 маселеси болгон Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча малдарды идентификациялоонун жүрүшү жөнүндө айыл өкмөтүнүн вет.инспектору Т.Суеркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар арасында бодо малдарды идентификациялоо боюнча айыл өкмөтүнүн вет.инспектору Т.Суеркулов жетектеген санитарлардын жүргүзгөн иштери өз деңгээлинде экендиги белгиленүү менен Жолборсту айылынын тургундарынын кара малын өз учурунда ваксинация иштерин уюштурбагандыгы үчүн вет.инспектор Т.Суеркуловго эскертүү берилсин.
2. Бодо малга тагылган биркалар үчүн акча каражатын өз учурунда топтоо, тез арада мамлекеттик кассага төгүү жагы Т.Суеркуловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |