Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 6/1
ОсОО “Север KG ” ишканасынын жетекчиси Абдырахман уулу Курсантбектин кайрылуусу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII - сессиясынын күн тартибиндеги 6/2 маселеси болгон ОсОО “Север KG ” ишканасынын жетекчиси Абдырахман уулу Курсантбектин кайрылуусу боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. ОсОО “Север KG ” ишканасынын жетекчиси Абдырахман уулу Курсантбектин 19.03.2018-жылдагы кайрылуусуна жана 28.02.2018-жылдагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан берилген 5857 СР лицензиясынын жана №1 лицензиялык макулдашуусунда көрсөтүлгөн 35.83 га жер аянтын 2020-жылдын 28-февралына чейин геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө макулдук берилсин.
2. ОсОО “Север KG ” ишканасынын жетекчиси Абдырахман уулу Курсантбекке чалгындоо иштерин жүргүзүү учурунда кен казып алуу жана сатуу иштерин жүргүзүүгө катуу тыюу салынсын жана мыйзам чегинде жоопкерчилиги суралары эскертилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысына жана айыл чарба.турак-жай ,муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси Ы.Молорбаевке жүктөлсүн.
Төрага | Т.Батыралиев |