Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 6/3
Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сейрек токой зоналарын көзөмөлгө алуу жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII - сессиясынын күн тартибиндеги 6/3 маселеси болгон Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сейрек токой зоналарын көзөмөлгө алуу жөнүндө Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин депутаты И.Сатыбековдун жана айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы сейрек токой зоналарын көзөмөлгө алуу, жергиликтүү бюджеттин эсебинен алынып , өстүрүлүп жаткан дарактарды багуу , пайдалануу жана коргоо “Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин” 10-11 беренесине негиз жүргүзүлсүн.
2. “Кыргыз Республикасынын Токой кодексинин” 11-21-27-81- беренелерине ылайык айыл өкмөтүнүн аймагындагы токойдун санитардык абалын кароо жана башка иш чараларды жүргүзүү айыл өкмөтүнүн жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Кыргыз Республикасынын 10.02.2009-жылдагы №97 –токтомуна негиз айыл өкмөтүнүн тургундары турмуш-тиричиликке пайдаланып жаткан отун үчүн айыл өкмөтүнөн 1м3 көлөмүнө 300 сом өлчөмүндө акы алынсын.
4. Отун акысы учүн квитанция жана башка иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы С.Ажыматовго милдеттендирилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин Айыл чарба,жаратылышты коргоо, экология, онор жай , транспорт, байланыш, ишкердик, электр энергия, маалымдоо каражаттары маселелери боюнча туруктуу комитетине милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |