Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезектеги VII -сессиясы
2018-жылдын 13-апрели № 6/4
Турак –жай салуу үчүн жер аянтын трансформациялоо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII - сессиясынын күн тартибиндеги 6/4 маселеси болгон Турак-жай салуу боюнча жер аянтын трансформациялоо боюнча айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кенешинин VII -чакырылышынын кезектеги VII - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы жаңы бөлүнүп жаткан жаш үй-бүлөлөргө жана турак-жай салуу үчүн кезекке турган 301жарандын арызын канааттандырууга жер аянтынын жоктугуна байланыштуу айыл өкмөтүнүн алдындагы айыл чарбасын жана муниципалдык менчикти башкаруунун башкы адиси Ы.Молорбаевдердин билдирүүсүндө көрсөтүлгөн жалпы 34 га жер аянтын трансформациялоо учур талабы экендиги белгиленип , негиздүү деп табылсын.
2. Бул токтомду колдоп ,турмушка ашыруу үчүн тиешелүү чечим чыгарып берүү жагы Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынан суралсын
Төрага | Т.Батыралиев |