Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-январы № 1/1
«Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышын кабыл алуу, 2018-жылга бюджетин жана 2019-2021-жылдардын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө»
Ак-Жол айылдык Кенеши күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылып, бекитилсин.
2. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк бекитилген киреше 6599,8 (алты миллион беш жүз токсон тогуз миң сегиз жүз ) сом, жайыт пайдалануучулар бирикмесинен 366,9 ( үч жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом, Теңдөөчү грант 7166,9 (Жети миллион бир жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом, Атайын каражат 691,8 (Алты жүз токсон бир миң сегиз жүз )сом кошулуп, жалпысы: 13933,6( Он үч миллион тогуз жүз отуз үч миң алты жүз) сом суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2019-2021-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджетинин трансферттеринин көлөмү жана киреше бөлүгүнүн 2019-2021-жылдардын болжолдуу долбоорун тактоо жагы айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Н. Мырзатаевге милдеттендирилсин.
4. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2-тиркемелерге ылайык 13933,6 (Он үч миллион тогуз жүз отуз үч миң алты жүз ) сом менен бекитилсин.
5. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга жана 2019-2021-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-статьясынын 4-пунктуна жана 12-статьясынын 3- пуктуна негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалаары жана коммуналдык чыгымдын толук каржылоосуна айыл өкмөтү жоопкерчилик тартаары белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар-бир түрлөрү боюнча аткаруу салык инспекторуна милдеттендирилсин.
7. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 137,1(Бир жүз отуз жети миң бир жүз ) сом өлчөмүндө Айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 342,0( үч жүз кырк эки миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
9. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетинин жалпы көлөмү бекитилип жыл ичиндеги өзгөртүү толуктоолорду айыл өкмөтүнүн буйругу менен өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С.Ажыматовго милдеттендирилсин.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго милдеттендирилсин.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
12. Токтом: WWW Akjol.el.kg web сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
13. Токтом мамлекеттик тилде гана жазылды.
| Төрага | Т. Батыралиев | |||||
2018-2019-2020-жылдарга карата кирешелер боюнча айылдык Кеңештин VII-чакырылышынын |
| ||||||
VI-сессиясындагы №1/1-токтомуна № 1-тиркеме |
|
|
| ||||
статья | Кирешелердин аталышы | план 2018 | план 2019 | план 2020 |
| ||
11111100 | Киреше салыгы | 1063,0 | 1151,0 | 1250,0 |
| ||
11121100 | Бирдиктүү салык | 5,0 | 5,0 | 5,0 |
| ||
11122200 | Милдеттүү патент | 96,0 | 103,0 | 109,0 |
| ||
11311200 | Кыймылсыз мүлк | 23,0 | 23,0 | 23,0 |
| ||
11321100 | Тамарка салыгы | 61,0 | 61,0 | 61,0 |
| ||
11321200 | Үлүш жер салыгы | 93,2 | 93,2 | 93,2 |
| ||
11321300 | Айыл чарба багытындагы эмес жерлерден алынуучу салык | 738,0 | 738,0 | 738,0 |
| ||
11312200 | Авто унаа салыгы | 262,0 | 262,0 | 262,0 |
| ||
14152600 | Кайра болуштурүү фонтундагы жерлерден алынуучу салык | 319,6 | 319,6 | 319,6 |
| ||
11462130 | Көмүр үчүн | 685,0 | 685,0 | 685,0 |
| ||
11412100 | Сатуудар алынуучу салык | 2,2 | 2,0 | 2,0 |
| ||
14151200 | Лицензияны кармоо үчүн | 2360,0 | 2360,0 | 2360,0 |
| ||
14152200 | жайыт төлөмү | 366,9 | 366,9 | 366,9 |
| ||
14238900 | Атайын каражат | 691,8 | 891,8 | 891,8 |
| ||
13311200 | Теңдөөчү грант | 7166,9 | 7090,2 | 6805,3 |
| ||
| Жалпы: | 13933,6 | 14151,7 | 13971,8 |
| ||