Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII -чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 3
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-аймактарды өнүктүрүү жылына карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI - сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2018-“Аймактарды өнүктүрүү жылына” карата даярдалган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып ,талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги VI - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-аймактарды өнүктүрүү жылына карата даярдалган социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалары жана иш чарасы менен кошо бекитилсин.
2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
Төрага | Т. Батыралиев |
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2018-жыл- аймактарды өнүктүрүү жылына карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү ишПЛАНЫ |
| |||||||||||||||
№ |
Аткарылуучу иштердин мазмуну |
Иш-чаралар |
Күтүлүүчү жыйынтык |
Мөөнөтү | Аткарыл- гандыгы тууралуу маалымат |
| ||||||||||
Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу |
| |||||||||||||||
1 | Жогорку органдардан берилген тапшырмаларды так аткаруу
| -айыл аймагынын социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүн жогорулатуу. Стратегиялык планда көрсөтүлгөн көрсөткүчтөргө жетишүү. | Айылдын экономикасын жогорулатуу. | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
2 | Аппарат кызматкерлерин элди тейлөөсүн жакшыртуу максатында орг.техника менен камсыздоо | -жергиликтүү бюджеттен 100 миң сом бөлүү -аппарат кызматкерлерин 100% орг.техника менен камсыз кылуу -кызматкерлердин үзгүлтүксүз, тоскоолдуксуз иштөөсүнө шарт түзүү | Калкты тейлөө сапаты жакшырат | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
3 | Диний кырдаалды жөнгө салуу. экстремизмдин алдын алуу | -айыл активисттери, билим берүү тармагы, коомдук уюмдар, имамдар, участкалык инспектор менен биргеликте эл арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүү. -учурда көйгөйлүү маселеге айланган Сирия, Ирак, “Ислам малекети” тобу, Украина темалары боюнча калк арасында, айрыкча жаштар менен чогулуштарду өткөрүү. | Чыр-чатактардын, диндик болунуп-жарылуунун алдын алуу. Экстремизмге жол бербөө. | Ар дайым |
|
| ||||||||||
4 | Айыл аймагында эл биримдигин чыңдоо | -эл арасында ынтымакты чындоо максатында айыл активисттери, аялдар кеңеши, жаштар уюму, аксакалдар кеңеши, дин ишмерлери менен чогуу тегерек столдорду уюштуруу -спорттук иш чараларды өткөрүү -маданий иш чараларды өткөрүү, биримдикти, ынтымакты даңазалоо | Эл ынтымакта, биримдикте болот. Экономикалык-социалдык өсүү жогорулайт. | Ар дайым |
|
| ||||||||||
5 | Калк арасында ыксыз чыгымдарды азайтуу | -ысык-суук мааракелерде ыксыз чыгымдарга жол бербөө максатында, эл арасында айыл активистери, молдо, имамдар менен чогуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. -элди пайдасыз, натыйжасыз салт-санаалардан арылтуу | Элдин экономикалык-социалдык абалын жакшыртууга өбөлгө болот. | Ар дайым |
|
| ||||||||||
6 | Айыл тургундары менен жер-жеринде жолугушууларды өткөрүү. Бюджетти ачык талкуулоо. | -айыл Өкмөттөгү ар бир айылга чогулуш уюштуруу -2017-жылдагы иштердин аткарылышы, айыл Өкмөт кызматкерлеринин иши тууралуу жалпы элге маалымат жеткирүү - 2018-жылдын бюджетин ачык талкууга алуу
| Бюджет ачык болот. Эл айыл Өкмөт иши тууралуу маалымат алат. | Жыл башында |
|
| ||||||||||
7 | Айыл тургундарын жаңы биометрикалык паспорт менен камсыздоо | -калктан биометрикалык маалымат чогултууда уюштуруу иштерин жүргүзүүнү улантуу.
| Таза шайлоо өткөрүүгө шарттар жаратылып, жарандардын биометрикалык маалымат базасы түзүлөт. | Ар дайым |
|
| ||||||||||
8 | Айылдардагы планга кирип башталган жумуштарга элди, жамаатты тартуу | -айыл Өкмөт аймагында иш жүргүзгөн ишканалардагы жумуш орундарына жергиликтүү калкты тартуу боюнча келишимдерге жетүү -айыл аймагында жүрүп жаткан жумуштарга айыл тургундарын активдүү катышууга үндөө
| Айыл эли жумуш менен камсыз болот. Жумушсуздук азаят. | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
9 | Айыл өкмөттүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча айыл тургундары менен акыр-чикир , таштандыларды белгиленген жайларга таштоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, уюштуруу. | -ар бир айылдагы көчөлөрдүн , учаскалардын тазалыгына жетишүү . -ар кандай жугуштуу оорулардын алдын алуу. -таза үй, таза көчө, таза айыл сыймыгына жетишүү | Айыл элинин ден соолугунун чың болушуна, айылдын абасы таза турушуна өбөлгө түзүлөт | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
Айыл чарба тармагы |
| |||||||||||||||
10 | Малдын асыл тукумдуулугун жогорулатуу | -айыл элинин негизги киреше булагы болгон малдын асылдуулугун жогорулатуу максатында, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү. -малды асылдандыруу үчүн атайын селекциялык бөлүм ачуу -ветеринардык абалды жакшыртуу, убагында эмдөөлөрдү уюштуруу, сырттан келген малдарды текшерүүдөн өткөрүү. - Тегене айылындагы Чолок-Сөгөт участкасындагы булакты тазалоо. Керектелүүчү сумма 100 миң сом. Жайыт комитети менен биргеликте ишке ашат. | Малдын асылдуулугу жогорулайт.
Малдын, калктын саламаттыгын сактоо максатында.
Мал багуучу ишкерлерге шарт түзүлөт. | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
11 | Айыл чарба иштерин жүргүзүүнү уюштуруу | -айыл элинин кирешеси айыл чарба тармагына байланыштуу болгондуктан, айыл чарбасын көтөрүү максатында уюштуруу, түшүндүрүү иштерин жүргүүзүү. Иштелбей жаткан айдоо жерлерин иштетүүнү колго алуу, калкты үрөн менен камсыз кылуу. - Тегене айылынын сыртындагы айдоолорду камыштан арылтуу. | Айыл чарбаны көтөрүү, элдин экономикалык-социалдык абалын жакшыртуу, калкты арзан азык-түлүк менен камсыздоо. Калктын жалпы үлүш жерлери камыштан арылат. | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
12 | Айыл тургундарынын төрт түлүк малын идентификациядан өткөрүү . | -Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын “Жаныбарларды идентификациялоо” жөнүндөгү мыйзамын турмушка ашыруу , жаныбарлардын кыймылы , союлушу (утилдениши),сатылышы боюнча ЖИКС системасына киргизүү. | Айыл аймагындагы малдын так саны чыгат. Уурдап сатууларга бөгөт коюлат. Мал продукциялары тазаланат. | Өз убагында | Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук б-а мамлекеттик инспекциясынын буйругунун негизинде |
| ||||||||||
Өнөр-жайы |
|
|
|
|
| |||||||||||
13 | Айыл аймагында кен казууну көзөмөлгө алуу жана келген инвесторлордун мыйзам чегинде иш алып баруусуна шарт түзүү. | -айыл аймагынын чегинде кен казып иш жүргүзгөн ишканаларды көзөмөлгө алуу -кен казуунун көрсөткүчтөрүн жогорулатуу -кен казган ишканаларды толук салыктык жана статистикалык каттоодон өткөрүү Келген инвесторлорго өз жумуштарын аткарууга мүмкүн болгон ыңгайлуулуктарды түзүү | Кен казуунун, салык төлөөнүн көлөмү жогорулайт. Айыл аймагынын экономикалык өсүшүнө өбөлгө болот. | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
14 | Айыл аймагында өнөр жай ишканаларынын санын көбөйтүү | - мөмө-жемиш кургатуучу кичи цехтерди куруу - жыгачты кайра иштетүүчү ишкана куруу | Элдин экономикасы көтөрүлөт Калкка кызмат көрсөтүлөт | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
Макроэкономикалык калыптануу жана тездетилген өсүштү камсыздоо |
|
|
|
| ||||||||||||
15 | Айыл Өкмөттүн ички дүң продукциясын өстүрүү | -айыл чарбасынын өсүшүн камсыздоо. Иштелбей жаткан айыл чарба жерлерин иштетүү. Ирригация маселесин чечүү. Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүчү ишкана-цехтерди курууну колго алуу. -кен казуу тармагын өркүндөтүүгө шарт түзүү | Макроэкономикалык туруктуулукту камсыздоо | Жыл ичи |
|
| ||||||||||
16 | Техникага болгон муктаждыкты чечүү
| -Элдин үлүш жерин айдап себүү үчүн сатып алынган МТЗ-82 үлгүсүндөгү тракторун бардык айылдарда иштетүү. Пресс подборщик алуу. | Айыл эли техника менен камсыз болот. Айыл чарбада өсүш камсыздалат. | 2018-жылы |
|
| ||||||||||
Бюджет тармагы |
| |||||||||||||||
17 | Бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү | -кошумча салык базаларын түзүү жана табуу. -көмүскө ишмердүүлүктү легалдаштыруу -эски жуут пунктун ремонттоп иштетүү менен, жергиликтүү бюджетке кошумча каражат түшүрүү -айыл аймагында парк уюштуруп, бюджетке каражат түшүүчү акы төлөнгөн техникалык каражаттарды коюу | Бюджеттин кирешеси өсөт. | 2018-жылы |
|
| ||||||||||
Курулуш, ирригация жана коммуникациялык чарба тармагы |
|
|
|
| ||||||||||||
18 | Айыл аймагында жаны социалдык объектилерди куруу жана имараттын айланасында өрт өчүрүүгө керектелүүчү суу көлмөчөлөрү менен камсыздоо
| -Ак-Жол айылына баасы 2,5 млн сомдук эс алуучу парк куруу - Ак-Жол айылындагы базарга даараткана куруу. Жергиликтүү бюджеттен 150 мин сом бөлүнөт. Муну менен жергиликтүү тургундарды бир канча убакытка жумуш менен камсыздоо. Ак-Жол айылына Бала-бакча куруу. Өрт кесептинин алдын алуу максатында атайын суу көлмөчөсүн орнотуу, кошо куруу. Райкомолго спорт зал куруу.
| Калктын эс алуусуна шарт түзүлөт
Тейлөө сапаты жакшырат
| 2018-жылы
2018-жылы
2018-2021-ж |
|
| ||||||||||
19 | Айыл аймагында кооптуу болгон жерлерди жана өзгөчө кырдаалдарды жоюу максатында МЧС менен биргеликте иш алып баруу. Эчкили айылындагы эл жашаган жайларга сел тосмо куруу | -Шынаа айылынын Жалпак учаскасынын тургундарын көчүрүү боюнча МЧС тин берген корутундусуна негиз коопсуз жерлерден жай бөлүп берүү . -Эчкили айылындагы эл жашаган жайларга сел тосмо куруу. 2,5 млн сом талап кылынат. МЧСтен келген габиондорду кооптуу жерлерге таш толтуруп төшөө иштерин уюштуруу. -МЧС тарабынан кооптуу деп табылган жайлардагы үй-бүлөлөрдү көчүрүп чыгаруу. Алар үчүн жаны участка бөлүп берүү. Алардын мамлекет тарабынан ссуда алуусуна көмөк көрсөтүү. -Мекемелерди өрткө каршы щит менен камсыздоо | Өзгөчө кырдаалдын алды алынат.
Өзгөчө кырдаалга даяр болуу, адам өмүрүн сактоо.
Өзгөчө кырдаалга даяр болуу, адам өмүрүн сактоо. | 2018-жылы
2018-2019-ж |
|
| ||||||||||
20 | Калктын электр энергияга болгон муктаждыгын толук чечүү | -Райкомол айылына Лагерь, Лесхоз, Кош-Алмурут участкаларын камсыз кылган трансформатор алып берүү. -Эскилиги жеткен 04-электр линияларынын жараксыз столбаларын алмаштыруу. 8 млн сом керектелет. Аксы РЭСи менен биргеликте ишке ашырылат. | айыл тургундарынын электр тогуна болгон муктаждыгы чечилет.
| 2018-жылы
2018-2020-ж
|
|
| ||||||||||
21 | Айыл чарба продукцияларынын көлөмүн жогорулатуу, сугат жерлердин аянтын көбөйтүү максатында, каналдарды казуу жана тазалоо. | -Шынаа айылын сугат суу менен камсыздоо - Куру-Сай участкасына сугат суу чыгаруу.. Жергиликтүү бюджеттен 150 миң сом бөлүнөт - Райкомол айылындагы Чалчык участкасына сугат суу чыгаруу - Шынаа айылындагы сугат каналынын бузулган бөлүгүн ремонттоо | Айыл чарба жерлери суу менен камсыз болот. Айыл чарба продукцияларынын көлөмү көбөйөт. | 2018-2019-ж |
|
| ||||||||||
22 | Жашоо үчүн турак-жай алууга кезекте турган жаш үй-бүлөлөргө участка маселесин чечүү | - Кызыл-Мойнок, Жон, Как участкаларынан калктуу конуш үчүн 178 га жер аянтын трансформациялоо генпландарын иштеп чыгуу боюнча уюштуруу, практикалык иштерин жүргүзүү жана тиешелүү документтерди жогорку органдарга жөнөтүү. | Турак-жайсыз 274 үй-бүлөнүн маселеси чечилет. Жаш үй-бүлөлөр турак-жай менен камсыз болушат. | 2018-жыл |
|
| ||||||||||
23 | Ак-Жол айыл аймагы боюнча таза суу маселесин чечүү | -Ак-Жол айыл аймагы боюнча таза суу маселесин чечүү -Коргон-Дөбө участкасына таза суу тартып келүү -Тегене айылынын таза суу маселесин чечүү -Эчкили айылынын таза суу маселесин чечүү | Калк таза суу менен камсыз болот. | 2018-2021-ж |
|
| ||||||||||
24 | Ак-Жол –Райкомол айылдарына АБР аркылуу тартылуучу таза суу проектисине айыл ичиндеги мерчемдүү жерлерге өрттүк гидранттарды орнотууга жетишүү | -айыл ичтеринде кокустан болгон өрт кырсыгынан сактанууну колго алат. - | Өрт кырсыктарынын кесепеттерин жоюуга шарт түзүлөт | 2018-2019-ж |
|
| ||||||||||
Транспорт, байланыш жана коммуникациялар тармагы |
|
|
|
| ||||||||||||
25 | Айыл аймагында жолдорду, көпүрөлөрдү куруу жана кап.ремонттон чыгаруу. | - Жолборсту айылындагы 2-көпүрөнү куруу. 1 млн 300 миң сом керек болот. Өкмөттүк эмес уюмдар каржылайт. -алыскы жайыттарга каттоону камсыз кылуу үчүн, жолдордун кээ бир жерлерин ремонттоо. Жергиликтүү бюджеттен 400 миң сом каралат. Жайыт комитети менен биргеликте ишке ашырылат. - Күрп-Сай айылына автоунаа өтүүчү, баасы 1,5 млн сомдук көпүрө куруу. - Коргон-Төбө айылына баруучу жолду капиталдык ремонттоо. 150 миң сом жерг.бюджеттен бөлүнөт. - Ак-Жол айылындагы 3 км жолду асфальттоо. Республикалык бюджеттен 18 млн сом керектелет. - Ак-Жол – Райкомол автожолунун жээгине 8 км тротуар салуу. Бул үчүн жерг.бюджеттен 2 млн сом каралат. -айыл ичиндеги автоунаа жолдорунун жээктерине жарык берүүчү чырактарды орнотуу -Үлүш жерлерге баруучу Аң-Жылга участкасына жол салуу, жерг.бюджеттен 200 миң сом каралат. -Күрп-Сай айылына баруучу жолду кап.ремонттон өткөрүү -Райкомол айылындагы Көк-Чырыч усачткасынын жолуна шагыл төгүү | Жол каттамы жакшырат. Жол кыймылынын коопсуздугун, транспорт байланышын чыңдоо.
Жол коопсуздугун сактоо. Оор жүк ташуучу унаалар үчүн коопсуздуктун алдын алуу. Чабан, фермерлер үчүн шарт түзүү.
Жол каттам жакшырат. Калкка шарт түзүлөт.
Жаан-чачында кара жолдон кыйналып келген айыл эли жаңы, асфальтталган жолго ээ болот. Жол коопсуздугун сактоо. Жол каттамдары жакшырат.
Көчөлөр жарыктандырылат
Жол каттамы жакшырат
Жол каттамы жакшырат
Жол каттамы жакшырат
| 2018-жылы
2018-жыл
2018-2021-ж 2018-жыл
2018-жыл
2018-жыл
2018-жыл
2018-жыл 2018-жыл |
|
| ||||||||||
26 | Интернет байланыштарынын жолго салынышын чечүү | О! Уюлдук байланышы аркылуу 3G интернет колдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. Beeline Уюлдук байланышы аркылуу 4G интернет колдоо мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү. MegaCom дун байланыш мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу максатында Бажы-Кырга байланыш мунарасын орнотуу. | Айыл элинин байланыш маселеси жакшырат.
| 2018-2021-ж
|
|
| ||||||||||
Социалдык жактан коргоо жана саламаттыкты сактоо тармагы |
|
|
|
| ||||||||||||
27 | Айыл аймагында саламаттыкты сактоо тармагын күчтөндүрүү | -саламаттыкты сактоо тармагында кадр маселесин чечүү. Медициналык окуу жайды бүткөн адистерди сүйлөшүү менен айылдарга алып келүү жана аларга шарт түзүү. -Айылдык ден-соолук комитетине жардам берүү. АДК менен долбоорлорду иштеп чыгуу. -Социалдык объектилерге гос.акт алуу. -ГСВ-10. Бир зданиясын капиталдык ремонттоо үчүн 1.млн сом бөлүнөт. | Калктын саламаттыгы жогорулайт. Дени сак улут – күчтүү мамлекет.
Айыл калкына жардам болот.
Объектилер документтештирилет. | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
28 | Жарандарды үзгүлтүксүз өз убагында эмдөө | -балдарды эмдөөдө каршылык көрсөткөн дин өкүлдөрүнө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл активисттери, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, билим берүү кызматкерлери, дин өкүлдөрү менен биргеликте чогулуштарды уюштуруу. -айыл тургундарына жугуштуу оорулар тууралуу туура маалымат жеткирүү. | Балдардын саламаттыгын сактоо. Жугуштуу оорулардын алдын алуу.
Жугуштуу оорулардын алдын алуу | Өз убагында |
|
| ||||||||||
29 | Ден-соолугу мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга жардам көрсөтүү | -ден соолугу чектелген жарандарды ар тараптан колдоого алуу, бул үчүн жерг.бюджеттен 250 миң сом каралат. -каттоодо турган майыптарды райондо, областта өткөн ден соолугу чектелгендердин спартакиадасына катыштыруу, алардын барып келүү чыгашаларын каржылап, шарт тузүү -майыптар күнүн белгилөө -ден соолугу чектелген жарандардан ар дайым кабар алып туруу, аларга моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү | Майыптар колдоого алынат. | Ар дайым |
|
| ||||||||||
30 | Жакырчылыктын деңгээлин азайтуу | -айыл аймагында кошумча иш орундарын түзүү үчүн ишкана-цехтерди ишке киргизүү -кредиттерди алууда жакыр үй-бүлөлөргө жардам көрсөтүү | Жарандардын жакырчылыктан чыгуусуна шарт түзүү | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
Билим берүү тармагы |
|
|
|
| ||||||||||||
31 | Мектепке чейинки билим берүү көйгөйүн чечүү | -бала бакча үчүн жер маселесин чечүү -Ак-Жол айылына 100 орундуу баасы 16 млн сомдук бала бакча куруу. | Мектепке чейинки билим берүү маселеси чечилет. Мектеп жашына чейинки балдар бала бакчага бара башташат. | 2018-жыл |
|
| ||||||||||
32 | Билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртуу | - Ак-Жол айыл Өкмөтүндөгү 3 орто мектептин экиден алты кабинетинин полун алмаштыруу үчүн жерг.бюджеттен 200 миң сом бөлүнөт | Окуучуларга жакшы шарт түзүлөт, айрым класстардын жараксыз полдору ондолот.
| 2018-жыл
2018-жыл |
|
| ||||||||||
Маданият тармагы |
| |||||||||||||||
33 | Айыл маданиятын көтөрүү | -Айрым мектептерди музыкалык аспаптар менен камсыздоо -8-март аялдардын Эл аралык күнүнө карата конкурстук концерт уюштуруу -айылга гастролго келчү маданиятөкүлдөрүнө , айылдык маданият үйүнө шарттарды түзүү. | Маданиятты көтөрүү
Элге майрамдык маанай тартуулоо.
Маданиятты көтөрүү | 2018-жыл
2018-жыл март айы |
|
| ||||||||||
34 | Мамлекеттик тил күнүн белгилөө | -мамлекеттик тил күнүн белгилөө үчүн иш чара түзүү жана аткаруу -мамлекеттик тилдин бир айлыгын жарыялоо -коомдук мекемелерде, көчөлөрдө көрнөк-жарнактардын, жарыялардын мамлекеттик тилде жазылуусуна көзөмөл жүргүзүү. | Мамлекеттик тилди өнүктүрүү | Жыл ичинде |
|
| ||||||||||
Дене-тарбия жана спорт |
| |||||||||||||||
35 | Спорттук жайларды куруу | -Тегене айылындагы баасы 5,5 млн сомдук спорт залын бүткөрүп, ишке берүү -Кечүү айылындагы мектептин спорт аянтчасын бүткөрүү.
| мектеп окуучуларына шарт түзүлөт,
жаштардын спортко кызыгуусу күчөйт. | 2018-жылы
2018-жылы
|
|
| ||||||||||
33 | Спорттук иш чараларды өткөрүү | -1-май Эмгекчилердин эл аралык күнүнө карата Казан-Чуңкур стадионунда спорттук оюндарды уюштуруу -айыл аймагындагы мекемелер аралык волейбол оюнун уюштуруу -айыл аймагындагы мектептер аралык спартакиада өткөрүү | Элге майрамдык маанай тартууланат. Спортко кызыгуу күчөйт.
Спортту даңазалоо максатында
Окуучулардын спортко болгон кызыгуусун күчөтүү | 2018-жылы май айы
2018-жылы
2018-жылы
|
|
| ||||||||||
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы: К.Сатыбеков.