Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII -чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 4
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин жылдык отчету. 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI - сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат СтанбековАлмазбектин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен кабыл алынсын.
3. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү (№1тиркеме)чыгаша бөлүгү (№2-тиркеме )кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
4. Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
5. Жайыт билетин алуу үчүн жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
6. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто көрсөтүлгөн малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
7. Жайыт комитетинин 2018-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына негиз төмөндөгүдөй бекитилсин.(№3-тиркеме тиркелет)
8. АРИСтен берилүүчү гранттык каражатка ФПСтин жана элдин үлүш жерлерине эспарцеттин үрөөнүн себүүгө болжолдуу 620,0 сом ,20% же 53,9 сом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн бюджетинен,5% же 25,0 сому жайыт комитетинин бюджетинен каралсын.
9. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн эсебинде(3\1)2017-жылдан калган 61,2 сом акча каражаты жайыт комитетинин эсебине которулуп берилсин.(№4-тиркеме)
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.
11. Бул токтом Ак-Жол айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
Төрага | Т. Батыралиев |