Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII -чакырылышынын кезектеги VI-сессиясы
2018-жылдын 23-январы № 5/1
Аксы токой чарбасы менен айыл Өкмөтүнүн ортосундагы талаш жерлерди кароо жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI - сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү маселенин 5/1- маселеси болгон Аксы токой чарбасы менен айыл Өкмөтүнүн ортосундагы талаш жерлерди кароо жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн турак-жай жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча жетектөөчү адис Р. Молорбаевдин жана Аксы токой чарбасынын Райкомол токой бөлүмүнүн бөлүм башчысынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги VI - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1. К.Р.Өкмөтүнүн 22.06.1992-жылдагы №291-токтомун,К.Р.Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик токой инспекциясынын 03.07.1992-жылкы №15-буйругун аткарууга жасаган Аксы токой чарбасынын жүргүзгөн иш аракеттери калктын кызыкчылыгына туура келбегендиктен жана К.Р.Өкмөтүнүн 22.08.1994-жылдагы № 632-токтомунун жобосуна негиз өткөрүлгөн жерлер Жолборсту айылынан 1000га, Ак-Жол айылынан 560 га, Тегене айылынан 96 га жер аянттары аймактагы жашаган калктын үлүш жер аянттарына жана жакынкы жайыт аянттарына туш болгондуктан мурдакы бойдон жалпы элдин пайдалануусуна калтырылсын.
2. Бул токтомдун турмушка ашырылышына тиешелүү тармактар аркылуу жардам көрсөтүү Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиликтеринен суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышынын үстүндө иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана Аксы токой чарбасынын башчысы П.Жабайкуловго милдеттендирилсин.
4. Бул токтом Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине расмий веб.сайтына жарыялансын .
Төрага | Т. Батыралиев |