Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 03-февралы № 2
Ак-Жол айылдык Кеңешинин жаңы регламенти жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз I- сессиясынын күн тартибиндеги экинчи маселеси болгон Айылдык Кеңештин жаңы регламенти жөнүндө Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Сатыбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезексиз I-сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламенти бекитилсин .
2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламенти тиркемеси менен Ак-жол айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg дарегине ,расмий веб.сайтына жарыялансын.
3. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин жаңыдан кабыл алган регламентти тиркемеси менен расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасынын орун басары К.Оңоловго милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |
| Бекитилди Ак-Жол айылдык Кеңешинин 3-февраль 2017-жыл. № 2 токтому менен тиркеме №1 |
Бул Регламент Ак-Жол айылдык кеңешинин депутаттарынын ишмердигин жөнгө салган
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө», «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө», Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынынжанабашкаченемдикукуктук актыларынын негизинде иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган айылдык кеңештин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин белгилейт.
1.1 Ак-Жол айылдык Кеңеши (мындан ары-айылдык кеңеш) жашыруундобуш берүү менен жалпы тен жана тике шайлоо укугунун негизинде 4 жылдык мөөнөткө шайланган 21 депутаттан турган, өзүнүн ишин коллегиялык негизде ашырган, жергиликтүү өз алдынча башкаруунуншайлануучу өкүлчүлүктүү органы.
1.2. Айыл өкмөтү айыл аймагында аткаруу бийлигин жүзөгө ашырат, айылдык кеңештин чечимдерин даярдоону жана аткарууну камсыз кылат, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары,
ушул Устав менен белгиленген тартипте айылдык кеңештин депутаттарынаөздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга жана шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоого жана өткөрүүгө көмөк көрсөтөт.
1.3. Сессиялар, туруктуу (убактылуу) комиссиялар, ошондой эле шайлоочулар менен иштешүү айылдык кеңештин ишининнегизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
1.4. Айылдык кеңештин иши мыйзамдуулук , коллегиялдуулук, объективдүүлүк, маселелерди талкуулоону жана чечимдерди кабыл алууну эркин жүргүзүү принциптерине негизделет.
1.5.Айылдык кеӊеш өз иш милдеттерин аткарууну мыйзамда белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүчү өзүнүн биринчи сессиясынын күнүнөн тартып аткара баштайт жана өз ишин кийинки чакырылыштагы айылдык кеңештин биринчи өткөрүлгөн күнү токтотот.
2-глава. Айылдык кеңештин компетенциясына кирген маселелер.
2.1. Айылдык кеңеш Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана ушул Устав менен белгиленген ыйгарым укуктардын чектеринде өз алдынча маселелерди кароогожана алар боюнча чечимдерди кабыл алууга укуктуу.
2.2. Айылдык кеңештин сессияларында, «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинде белгиленген ыйгарым укуктарды кошпогондо, төмөндөгү маселелер чечилет:
1) айылдык кеңеш жөнүндө Жобону бекитүү;
2) айылдык кеңештин жылдык иш планынын бекитүү;
3) айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларын түзүү жана жоюу, туруктуу
(убактылуу) комиссиялардын жеке курамын бекитүү жана алардын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү;
4) туруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштери жөнүндө отчетторду угуу;
5) «Жергиликтүүөз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын
31-беренесинин 5-бөлүгүнө ылайык, айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басарын бошотуу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысына сунуш киргизүү;
6) мыйзамдарды, Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49- беренесинин 7-бөлүгүнүн2-пунктуна ылайык, прокуратура органдары тарабынан белгиленген, өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды аткарбагандыгы же тийиштүү деңгээлде
аткарбагандыгы үчүн аким тарабынанайыл өкмөтүнүн башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу мененмакулдук берүү жөнүндө маселени кароо;
7) «Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык -экономикалык негиздери
жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 15-беренесине ылайык, айыл өкмөтүнүн аппаратынын финансылык -экономикалыкбөлүмүнүнжетекчисиндайындоого жана бошотууга депутаттардын жалпы санынын көпчүлүкдобушу мененмакулдук берүү жөнүндө маселени кароо;
8) айыл аймагында көрктөндүрүү, соода, сырткы жарнактарды жана маалыматтарды жайгаштыруу эрежелерин бекитүү;
9) башка жергиликтүү кеңештер менен кызматташуу жана тажрыйба алмашуу боюнча иштерди уюштуруу;
10) жергиликтүү коомдоштуктардынтарыхый жана маданий салттарынсактоо жана өнүктүрүү, маданияттын муниципалдык мекемелерин өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
11) айыл аймагынын айылдарынын аймагындаайлана-чөйрөнү коргоо жана санитардык тазалоону контролдоо, тазалыкты жана тартипти сактоо боюнча иш-чаралардын планын бекитүү;
12) келишимдин негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мамлекеттик ыйгарымукуктарөткөрүлүпберилгенучурдамамлекеттикоргандаржанажергилктүүөз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте келишимдин шарттарын бекитүү, ошондой эле
келишимде жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жана учурларда мамлекеттик ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишимди токтотуу же токтото туруу жөнүндө чечимдерди кабыл алуу;
13)айылдык кеңештин депутаттарынын өз шайлоочуларына отчет берүүсү, шайлоочулардын суроо-талаптарын аткаруу боюнча иш-чаралардын жана шайлоочулар менен
иштөө боюнчабашка иш-чаралардын ар жылдык планын бекитүү;
14) жергиликтүү маанидеги маселелер боюнчаайылдык жыйындарды, коомдук угууларды, курултайларды өткөрүү боюнча ар жылдык планын бекитүү;
15) муниципалдык менчик объектилерин ипотекага же күрөөгө коюуга макулдук берүү;
16) муниципалдык менчик объектилеринин Реестрин киргизүү тартибин бекитүү;
17) муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартибин белгилөө;
18) жайыт жерлерин пайдалануу, аларды пайдалануунун отчёттору, ошондой эле жайыт жерлерин пайдаланууукугу үчүн акынын өлчөмү боюнча жамааттардынар жылдыкпланын бекитүү;
19) жергиликтүү жамааттардынУставынын жоболорун жана айылдык кеңеш кабыл алган
чечимдердин аткарылышын контролдоо;
20) айылдын артыкчылыктуу көйгөйлөрүн аныктоо жана аларды биргеликте чечүү максатында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (айылдык кеңеш жана айыл өкмөтү) менен бирдикте биргелешкен иштерди жүзөгө ашыруу үчүн коомдук башталыштаактивдүү жарандарды,демилгечитопторду,жамааттарды,коомдукбирикмелерди,жаштарды,бизнес
коомдоштуктарын жана башка кызыкдар жактарды тартуунун планын бекитүү;
21)кызмат көрсөтүүгө баа берүүнү жүргүзүүнүнметодикасын, жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын жергиликтүү жамааттын, донордук уюмдардын салымдарынын эсебинен жүзөгө ашырылуучу жергиликтүү демилгелерди/ долбоорлорду/ программаларды, бекитүү, ошондой эле кошмо мониторингдин жана баа берүүнүн топтору, анын курамы жөнүндө жобону бекитүү
жанаошол топтордун сунуштарынын негизинде тийиштүү чараларды кабыл алуу;
22) коомдук угууларды өткөрүү, анын ичинде маселени кеңири кароо жана өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча коомдук пикирди эсепке алуу үчүн коомдук угууларды уюштурууну жана өткөрүүнү айыл өкмөтүнүн башчысына тапшыруу;
23) депутаттардын өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруусуна көмөктөшүү үчүн
жергиликтүүкеңештердиндепутаттарытарабынанкоомдукбашталыштакоомдук жардамчыларды тартуунун тартибин бекитүү;
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана жергиликтүү жамааттын Уставына ылайык башка маселелерди чечүү.
3-глава.Ак-Жол айылдык кеңешинин ишинин принциптери.
3.1.Айылдык кеңеш өзүнүн иштерин төмөнкү принциптерге негизденүү менен жүзөгө ашырат:
1)Ушул Регламентте белгиленген учурларды кошпогондо, ачык айкындуулук;
2) Өзүнүн ыйгарым укуктарын элдин кызыкчылыгында аткаруу;
3) Элдин жана өз шайлоочуларынын алдында жоопкерчилик;
4) Эл аралык укуктун жалпы таанылган ченемдерин сактоо жана урматтоо;
5) Конституцияны жана мыйзамдарды, ушул Регламентти жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын сактоо;
6) Пикирлерди эркин билдирүү жана айылдык кенештин ченемдик укуктук актыларды камтыган чечимдерин жергиликтүү жамааттын сын-пикир, сунуштарын эске алуу менен кабыл алуу;
4-глава. Ак-Жол айылдык кеңешинин жана анын органдарынын ишин пландаштыруу
4.1. Айылдык кеңеш жана анын туруктуу комиссиялары бир жылга планын түзөт. Айылдык кеңештинпланытууралуумаселебиринчисессияөткөрүлгөнсоңкийинкисессиянынкүн тартибине киргизилет.
4.2.Айылдык кеңештин иш планы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары, туруктуу комиссиялардын төрагалары, айыл өкмөтүнүн башчысы жана айыл өкмөтүнүн катчысы менен бирдикте айылдык кеңештин төрагасы тарабынан түзүлөт, зарылчылыкка жараша айыл аймагында жайгашкан уюмдардын, ишканалардын жана мекемелердин жетекчилери чакырылат.
4.3.Айылдыккеңештинтуруктуукомиссиясынынишпланыайылдыккеңештиниш
планынын негизинде туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү, айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басарыменен бирдикте түзүлөт.
4.4. Иш планына бир жылдын аралыгында айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу комиссиянын жыйналыштарында кароого чыгарылган маселелер киргизилет.
4.5. Айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын ишин пландаштыруу айылдык кеңештин жана анын туруктуу комиссияларынын кароосуна иш планына киргизилбеген башка маанилүү маселелерди киргизүүгө чектөө койбойт.
4.6. Айылдык кеңештин курамы, туруктуу комиссиялардын курамы, ошондой эле иш пландары айыл аймагынын маалымат тактайларындадокументтердинкөчүрмөлөрүн
жайгаштыруу аркылуу маалымдалат.
5-глава. Айылдык кеңештин төрагасы жана аны шайлоонун тартиби
5.1. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдыккеңештинсессиясындажашыруундобушберүүаркылуудепутаттардынжалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
5.2. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
- депутатка (өзүн өзү көрсөтүү же башка депутатты талапкер кылып көрсөтүү);
- саны 2 депутаттан аз эмес депутаттардын тобуна.
Ар бир депутат же депутаттардын тобу бир талапкерди көрсөтүүгө укугу бар.
5.3. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна депутаттын өзүн өзү көрсөтүү тартибинде талапкерлигин көрсөтүү депутаттын талапкер болуп катталуу ниети жөнүндө төрагалык кылуучугаарыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди депутат, депутаттардын тобу тарабынан көрсөтүү алар талапкер кылып сунуштаган депутаттыкөрсөтүү жөнүндө төрагалык кылуучугаарыз берүү жолу аркылуу жүргүзүлөт.
5.4.Өзүн өзү көрсөтүү жана талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө арыздар төрагалык кылуучу тарабынан күбөлөндүрүлөтжанаалардыжашыруун добушберүүүчүн бюллетенгекиргизүү
үчүн эсептөө комиссиясына берилет.
5.5. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер депутаттардын алдында чыгып сүйлөйт, алардын суроолоруна жооп берет.
Чыгып сүйлөө үчүн ага 10 мүнөткө, суроолорго жооп берүү үчүн 15 мүнөткө, корутунду соз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин сөз берилет.
5.6.Айылдык кенештин төрагасынын кызмат ордуна талапкерди колдоп же ага каршы чыгып сүйлөөнү каалаган депутаттарга сөз сүйлөө үчүн 5 мүнөткө чейин убакыт берилет.
5.7. Айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна талапкер добуш берүү жол-жоболору башталганга чейин өзүн өзү алып кое алат, бул тууралуу төрагалык кылуучугадобуш бергенге чейин өзүнүн талапкерлигин алып коюу жөнүндө арызын жөнөтөт. Өзүн өзү алып коюу добуш берүүсүз кабыл алынат.
5.8. Талкуулоо токтотулгандан кийин эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин төрагасынын кызматордунаталапкерлердинфамилияларынжашыруундобушберүүүчүн бюллетенге киргизет.
5.9.Айылдыккеңештиндепутаттарынынжалпысанынынкөпчүлүкдобушуналган
талапкер айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордуна шайланды деп эсептелинет.
Эгерде:
- бир талапкер көрсөтүлүп, ал депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкер көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда эки талапкер тең депутаттардын добуштарынын тең санын алышса,талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт;
- эки талапкерден көп көрсөтүлүп жана алардын бири да депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушун ала албаса, добуштардын көпчүлүк санын алган эки талапкер боюнча добуш
берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердин бири добуштардын көп санын алса, ал эми кийинки эки талапкер добуштардын тең санын алышса, добуштардын көпчүлүк санын алган бир талапкер боюнча добуш берүүнүн экинчи туру өткөрүлөт. Эгерде биринчи турда талапкерлердинэкөөсү добуштардын тең көп санын алышса, ал эми кийинки талапкерлердобуштардыназсанын алышса,добуштардынкөпчүлүксанынтең алганэки
талапкербоюнчадобушберүүнүнэкинчитуруөткөрүлөт.Эгердебиринчитурдабардык талапкерлер добуштардын тең санын алышса,талапкерлерди жаңыдан көрсөтүү жүргүзүлөт.
5.10. Талапкерлерди (же жаңы талапкерлерди) көрсөтүү менен кайрадан шайлоо айылдык кеңештин эрки боюнчабиринчи сессиянын күнүндө же башка күнү, бирокбиринчи сессиянын күнүнөн баштап 5 календардык күндөн кеч эмес өткөрүлөт.
5.11. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн милдеттерин коомдук негизде аткарат, бирок айылкеңешининсессияларынынишининмезгилиндебиржолкукомпенсацияалууменен аткарат.
6-глава.Айылдык кеңештин төрагасынын ыйгарым укуктары
6.1. Айылдык кеңештин төрагасы:
- айылдык кеңештин сессияларын чакырат жана алып барат;
- айылдык кеңештин иш планын бекитүү үчүн сессияга чыгарат;
-айылдык кеңештин сессияларын даярдоого жалпы жетекчилик жүргүзөт, маселелерди алдыналакарооүчүнжанааларбоюнчатийиштүүкорутундуларды(чечимдерди)чыгарып
айылдык кеңештин сессиясына киргизүү үчүн туруктуу комиссияларга жөнөтөт;
-айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна чыгарылган маселелердин даярдыгын контролдойт;
- айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибин түзөт;
-айылдык кеңештин токтомдоруна кол коет жана алардын жарыяланышына жана аткарылышына контролдоону уюштурат;
- айылдык кеңештин туруктуу жана убактылуу комиссияларынын ишин координациялайт;
- катталган депутаттык топтордун ишине көмөктөшөт, алардын ишин координациялайт;
- айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын жана туруктуу (убактылуу)
комиссияларынын төрагаларынын өз милдеттерин аткаруусун контролдойт;
- депутаттарга өздөрүнүн ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга, жарандарды кабыл алуусуна, шайлоочулардын алдында отчет берүүсүнөкөмөктөшөт, аларды маалыматтар менен камсыз кылат, депутаттардын укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырууга байланышкан маселелерди карайт;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылат;
-мамлекеттикоргандар,жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана жарандар менен болгон мамиледе айылдык кеңештин атынан чыгат;
- айылдык кеңештин жергиликтүү жамааттар, аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу органдары, мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмчөлөрү жана айылаймагында жайгашкан
башка юридикалык жактар менен өз ара аракеттерин уюштурат;
- айылдык кеңештин, анын органдарынын абройун, депутаттардын ар-намысын жана кадыр-баркын коргоо жана сактоо боюнчачараларды кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө, Кыргыз
Республикасынын ардак наамдарын ыйгаруу тууралуу сунуштайт;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайыкбашка маселелерди чечет.
6.2. Айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн компетенциясынын чектеринде тескеме чыгарат. Төраганын тескемеси Кыргыз Республикасынынмыйзамдарына карма каршы келген учурда, ал
айылдык кеңештин сессиясында депутаттар аркылуу жокко чыгарылышы мүмкүн.
7-глава. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары
7.1. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык кеңештин сессиясында депутаттардын ичинен жашыруун добуш берүү аркылуу депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.
7.2. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарын кызмат ордуна шайлоо үчүн талапкерди көрсөтүү укугу төмөндөгүлөргө таандык:
-айылдык кеңештин төрагасына;
- депутатка (өзүн өзү көрсөтүү же башка депутатты талапкер кылып көрсөтүү);
- саны 2 депутаттан аз эмес депутаттардын тобуна.
Айылдык кеңештин төрагасы, ар бир депутат же депутаттардын тобу бирден талапкерди көрсөтүүгө укуктуу.
7.3. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын кызмат ордуна талапкерлерди көрсөтүү жана шайлоо тартиби жана добуш берүүнүн башка жол-жоболук маселелериайылдык
кеңештин төрагасы үчүн белгиленген тартипте ишке ашырылат.
7.4. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары өз ишин коомдук башталышта аткарат.
7.5. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басары:
- айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмаларын аткарат;
- айылдык кеңештин төрагасы жок болгон учурда же ал өзүнүн иш-милдеттерин аткарууга мүмкүнболбойкалганучурдаайылдыккеңештинтөрагасыныниш-милдеттеринаткарат,
ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшыруусу боюнча айылдык кеңештин
сессияларын алып барат;
- айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ишин уюштурат жана багыттайт, алардын өз ара аракеттерин координациялайт;
- айылдык кеңеш тарабынан түзүлгөн убактылуу комиссиялардын ишине жетекчиликти ишке ашырат же координациялайт;
- айыл аймагында жайгашкан жергиликтүү жамааттар жана башка юридикалык жактар менен тыгыз байланышты жүргүзөт;
-айылдыккеңештин,анынкомиссияларынынкомпетенциясынакиргенмаселелерге
арналган иш-чараларга катышат;
- айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын төрагалары менен бирдикте айылдык кеңеш кабыл алган чечимдердин, жергиликтүү жамааттын Уставынын аткарылышын контролдоону камсыз кылат;
-ушулРегламенттежанабашкаченемдикукуктукактылардабелгиленгенбашкаиш-
милдеттерди аткарат.
8-глава.Айылдык кеңештин төрагасынын жана айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу
8.1. Айылдык кеңештин төрагасы жана анынорун басарыалардын жеке өтүнүчү боюнча, ошондойэлеаларөздөрүнүн милдеттеринаткараалбайкалганшарттаргабайланыштуу ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот.
8.2. Өз каалоолорубоюнча айылдык кеңештин төрагасынын жана анынорун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө маселе алардын өздөрүнөн арыздар
келип түшкөндө, ошондой эле депутаттардын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнчакаралат.
8.3. Өз каалоолорубоюнча айылдык кеңештин төрагасынын же анынорун басарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө токтом ачык добуш берүү (же депутаттардынкаалоосубоюнчажашыруун добушберүү) аркылууайылдыккеңештин
депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
8.4. Өздөрүнүн милдеттерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган учурда айылдык кеңештин сессиясында жашыруун (же ачык) добуш берүү жолу менен айылдык кеңештин төрагасы, төрагасынын орун басары ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу
мүмкүн.Айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарынын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу маселе айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгеси боюнча киргизилиши мүмкүн.
8.5. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экиси добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Айылдык кеңештин төрагасын мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же
ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
8.6. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынмөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу чечим, айылдык кенештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгү добуш берсе, кабыл алынды деп эсептелинет. Айылдык кеңештин төрагасынын орун басарынмөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча жашыруун (же ачык) добуш берүү ушул Регламентте белгиленген тартипте
жүргүзүлөт.
9-глава. Айылдык кеңештин катчысы
9.1. Айылдык кеңештин катчысынын иш-милдетин айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы аткарат.
9.2. Жооптуу катчы айылдык кеңештин ишин уюштуруу жагынан камсыз кылуу боюнча иштерди координациялайт, туруктуу (убактылуу) комиссияларга жана айылдык кеңештин депутаттарына жардам көрсөтөт.Айылдык кеңештин сессияларын уюштуруу жана өткөрүү үчүн керектүү материалдарды даярдоону камсыз кылат.
9.3. Жоопту катчы айылдык кеңештин жана анын органдарынын ишин камсыз кылуу боюнча төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- айылдык кеңештин токтомдорун каттоону жүргүзөт (каттоо журналында);
- айылдык кеңешке келип түшкөн каттардыкабыл алат жана каттайт, айылдык кеңештин төрагасынын резолюциясына жараша каттарды аткаруучуга өткөрүп берет;
- айылдык кеңештин сессияларына материалдарды, анын ичинде айылдык кеңештин токтомдорунун долбоорлорун жана анын туруктуу (убактылуу) комиссияларынын корутундуларынын долбоорлорун даярдоо боюнча ишти уюштурат;
- айылдык кеңештин жана туруктуу комиссиялардын иш пландарынын долбоорун иштеп чыгууга көмөктөшөт, бекилгенден кийин алардын өз учурундааткарылышына көмөктөшөт;
- сессияларды, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарын маалымдайт;
- айылдык кеңештин сессияларынын протоколдорун жүргүзөт, сессияларда, туруктуу (убактылуу) комиссиялардынжыйындарында айылдык кеңештин депутаттарын каттоону ишке ашырат;
- чакырылган адамдарды, ачык сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышууну каалаган адамдарды каттоону жүзөгө ашырат;
- жергиликтүү кеңештин иш кагаздарын, анын ичинде келүүчүлөрдү кабыл алуу журналын, депутаттарга кайрылган жарандардын кайрылууларын каттоону жүргүзөт;
- айылдык кеңештин токтомдорун жол-жоболоштурат, аларды (күчүнө киргизүүгө)
жарыялоону, каттоону, айылдык кеңештин депутаттарына, тийиштүү адамдарга, уюмдарга жана аткаруучуларга таратууну уюштурат;
- расмий жарыялангандан кийин айылдык кеңештин токтомунун көчүрмөсүн ченемдик укуктук актылардын Реестрине кошуу үчүн Юстиция министрлигинин аймактык бөлүмүнө жөнөтөт;
- айылдык кеңештин документтерин, туруктуу(убактылуу) комиссиялардын документтерин кошуп алганда, сактоону, системага салууну жана тийиштүү абалда кармоону камсыз кылат;
- туруктуу, убактылуу комиссияларга, депутаттык топторго уюштуруучулук жагынан жардам көрсөтөт;
- башка ченемдик укуктук актыларга, айылдык кеңештин ушул Регламентине ылайык жана
айылдыккеңештинтөрагасынынжанаайылөкмөтүнүнбашчысынынтапшырмасыбоюнча башка иш-милдеттерди жүзөгө ашырат.
9.4. Айыл өкмөтүнүн башчысы менен макулдашуу аркылуу айылдык кеңештин төрагасынынтапшырмасынаылайыктуруктуу(убактылуу)комиссиялардынишинекөмөк
көрсөтүүбоюнча айылөкмөтүнүнжооптуукатчысыныниш-милдеттериайылөкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине жүктөлүшү мүмкүн.
10-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары
10.1. Кеңештин карамагына кирген маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо үчүн, ошондой эле кеңештин чечимдерин жүзөгө ашырууга катышуу, айылдын аймагында жайгашкан мекемелердин жана уюмдардын ошол чечимдерди аткарышын контролдоо үчүн айылдык кеңеш туруктуу комиссияларды түзөт.
10.2. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин түзүмдүк бөлүгү болуп саналат жана айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнө айылдык кеңештин токтому менен түзүлөт.
10.3. Туруктуу комиссиялардын тизмеси жана алардын сандык курамы айылдык кеңешке шайланган депутаттардын сандык курамын эске алуу менен айылдык кеңеш тарабынан белгиленет жана депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
10.4. Ар бир туруктуу комиссиянын сандык курамы айылдык кенештин депутаттарынан санынан: 3 төн кем болбооготийиш.
10.5. Туруктуу комиссиянын мүчөлөрүн айылдык кеңештин депутаттары шайлашат.
10.6.Айылдыккеңештиндепутатыбирганатуруктуукомиссиянынмүчөсүболоалат
10.7. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү бирдейукуккаээ. Айылдык кеңештин төрагасы
жана анын орун басары туруктуу комиссиялардын курамына кире алышпайт.
10.8. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү өздөрүнүн курамынан алардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат. Туруктуу комиссиялардын төрагалары айылдык кеңештин сессияларында бекитилет.
10.9. Комиссиянын төрагасы өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда комиссиянын көпчүлүк
мүчөлөрүнүн чечими боюнча жаңыдан шайланышы мүмкүн.
10.10. Туруктуу комиссиялар айылдык кеңештин алдында жоопкер жана ага отчет берет. Кезектеги жыл аяктагандан кийин туруктуу комиссиялар өзүнүн иши жөнүндө айылдык кеңешке отчет беришет.
10.11. Ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнүн аралыгында, зарылчылыкка жараша, айылдык
кеңеш жаңы туруктуу комиссияны түзүүгө, мурда түзүлгөндөрдү жоюуга жана кайра түзүүгө, алардын курамына өзгөртүү киргизүүгө укугу бар.
(Айылдык кеңештин депутаттарынын орто курамын эске алуу менен айылдык кеңеште төмөндөгү маселелер боюнча туруктуу комиссиялар түзүлүшү мүмкүн:
-Мыйзамдуулук жана укук тартиби боюнча;
-Бюджет боюнча;
-Айыл чарбасы боюнча;
-Социалдык маселелер боюнча;
11-глава. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын ыйгарым укуктары
11.1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары өздөрүнүн компетенцияларынын чектеринде:
- иш планына ылайык туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди даярдоону жана алдын ала кароону ишке ашырат, тийиштүү корутунду же чечим менен аларды айылдык кеңештин кароосуна киргизет;
-кийинки жылга туруктуу комиссиянын иш планын иштеп чыгат;
-айылдык кеңештин кароосуна айыл аймагынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө байланышкан маселелер боюнча сунуштарды айылдык кеңештин сессиясынын кароосуна киргизет;
- өзүнүн аймагынын экономикалык өнүгүүсүнүнпланынын жана бюджетинин долбоорлорун, пландардын жана бюджеттин аткарылышы жөнүндө отчетторду алдын ала карайт, алар боюнча өзүнүн корутундусун даярдайт, керек болгондо аларды кеңешке сунуш кылат;
-айылдыккеңештинтөрагасынынтапшырмасыбоюнчаайылдыккеңештинкароосуна келип түшкөн жарандардын арыздарын, кайрылууларын жана даттанууларын карайт;
- өз ишинин уюштуруу маселелерин чечет;
-айылдыккеңештарабынанкабылалынганчечимдердин,жергиликтүүжамааттын
Уставынын жоболорун аткаруу боюнча контролду жүзөгө ашырат;
- каралып жаткан маселени башка комиссияга өткөрүп берүү тууралуу сунушту айылдык кеңештин төрагасынакиргизет;
- башка комиссиялар карап жаткан маселелер боюнча пикирин билдирет;
- ушул Регламентке жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык башка ыйгарым укуктарды аткарат.
11.2. Туруктуу комиссиялар төмөндөгүлөргө укуктуу:
- өзүнүн ишине илимпоздорду, адистерди, практикалык кызматкерлерди жана башка адамдарды тартууга;
-өзүнүнкарамагынакиргенмаселелербоюнчамамлекеттикбийликтин аймактык
органдарынын, менчигинин түрүнө карабастанайыл аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардынжетекчилерин жана адистерин, ошондой эле айыл өкмөтүнүн башчысын жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын тийиштүү адистерин угууга;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча мамлекеттик органдардын, айыл өкмөтүнүн аппаратынын, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, ошондой эле адистерди, көз карандысыз эксперттерди жана илимпоздордутартуу укугу менен айылдык кеңештин депутаттарынын ичинен убактылуу комиссияларды түзүү жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-туруктуукомиссиянынкароосунаберилгенмаселенииликтөөүчүнмаалыматтарды,
материалдарды жана документтерди кызмат адамдарынан, айыл өкмөттөрүнөн, мамлекеттик органдардан, уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден, айыл аймагында жайгашкан башка уюмдардан суратып алууга, алар суроо-талапта көрсөтүлгөн мөөнөттө же суроо-талап берилген күндөн бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен аларды туруктуу комиссияларга берүүгө милдеттүү;
- өзүнүн карамагына кирген маселелер боюнча айылдык кеңештин төрагасына жана айыл өкмөтүнүн башчысына каралып жаткан маселени кеңири талкуулоо жана коомдук пикирлерди эске алуу максатында коомдук угууларды өткөрүү жөнүндөсунуш киргизүүгө;
- башка туруктуу комиссиялар менен кошможыйын өткөрүүгө.
11.3. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары айыл аймагында жайгашкан уюмдардын жана мекемелердин оперативдик-чарбалык жана финансылык-чарбалык иштерине кийлигишүүгө
укугу жок.
12-глава. Туруктуу комиссиялардын жыйындары
12.1. Туруктуу комиссиялардын жыйындары комиссиянын иш-планына ылайык чакырылат.
12.2.Туруктуукомиссияларалардын компетенциясынакирген маселелербоюнча тийиштүү чечимдерди же корутундуларды кабыл алат.
12.3. Туруктуу комиссиялардын жыйындары коомчулук үчүн ачык болуп саналат,
кызыкдар болгон бардык тараптар туруктуу комиссиялардын жыйындарынаушул
Регламентте белгиленген тартипте катышууга укуктуу.
12.4. Эгерде мыйзамдарга ылайык каралып жаткан маселе мамлекеттик сырга тийиштүү болгон учурда туруктуу комиссиянын мүчөлөрү комиссиянын жашыруун жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алат.
12.5. Комиссиянын төрагасы жыйынды өткөрүү датасы жана анда каралуучу маселелер тууралуу 3 жумушчу күндөн кеч эмескомиссиянын мүчөлөрүнө, айылдык кеңештин төрагасына жана анын орун басарына кабарлайт, ошондой эле жарандарга, чакырылган адамдарга алдын ала маалымдоо боюнча чараларды кабыл алат.
12.6. Эгерде жыйынга комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Комиссиянын чечими комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын добушу менен кабыл алынат.
12.7. Туруктуу комиссиянын төрагасы өзүнүн демилгеси менен, ошондой эле, комиссиянын мүчөлөрүнүнүчтөнбиринин,айылдыккеңештинтөрагасынынжанаанынорунбасарынын талабы боюнча да комиссиянын жыйынын чакыра алат.
12.8. Туруктуу комиссиянын жыйынына кеңеш берүүчү добуш укугу менен ошол комиссияга мүчө эмес депутаттардын, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын жана анын орун басарынын, айыл өкмөтүнүн башчысынынкатышууга укугу бар, алар талкууланган маселе боюнча сөз сүйлөөгө жана талкууланган маселе боюнча өз пикирин билдирүүгө укуктуу.
12.9. Комиссиянын чечимине, корутундусуна туруктуу комиссиянын төрагасы кол коет, ал
жокто анынорунбасарыколкоет. Кабылалынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
12.10. Айылдык кеңештин туруктуу комиссияларынын иштерин материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кеӊсе товарлары ж. б. менен камсыз кылуу) айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
13-глава. Туруктуу комиссиялардын кошмо жыйындары
13.1. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелеркомиссиялардын демилгеси менен, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасынын тапшырмасы боюнча туруктуу комиссиялар тарабынан биргеликте даярдалат жана каралат.
13.2. Бир нече туруктуу комиссиялардын карамагына кирген маселелерди иликтөө жана кароо кошмо жыйындарда жүргүзүлөт.
13.3. Эгерде кошмо жыйынга ар бир комиссиянын мүчөлөрүнүн жарымынан ашыгы катышса, анда ал укук ченемдүү болуп эсептелет. Кошмо жыйындыөз ара макулдашуу боюнча
ошол комиссиялардын төрагалары алып барышат.
13.4. Кошмо жыйында каралган маселелер боюнча чечим туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана ошол комиссиялардын төрагалары тарабынан кол коюлат. Кабыл алынган чечимдер маалымат тактайларында чечимдердин көчүрмөлөрүн жайгаштыруу жолу аркылуу элге маалымдалат.
14-глава. Туруктуу комиссиянын төрагасынын ыйгарым укуктары
Туруктуу комиссиянын төрагасы:
- комиссиянын дарегине келип түшкөн документтер жөнүндө комиссиянын мүчөлөрүнө түздөн-түз же жооптуу катчы (же айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери) аркылуу
маалымдайт;
- комиссиянын мүчөлөрү, жооптуу катчы, айылдык кеңештин төрагасы, айыл өкмөтүнүн башчысы же анын орун басары менен бирдикте бир жылга туруктуу комиссиянын иш планын түзөт;
- туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү менен бирдикте комиссиянын жыйынынын күн тартибинин долбоорун түзөт;
- комиссиянын жыйынын чакырат жана зарыл документтердижана башка материалдарды даярдоону уюштурат;
-комиссиянынишинебайланыштууматериалдаржанадокументтермененкомиссия
мүчөлөрүн тааныштырат;
- убактылуу комиссиялардын ишине комиссия мүчөлөрүнүн катышуусун сунуш кылат;
- айылөкмөтүнүнжооптуукатчысынын(жеайылөкмөтүнүнаппаратынын кызматкеринин) жардамы менен жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүн, мамлекеттик органдардын, айыл өкмөтүнүн, коомдук уюмдардын өкүлдөрүн, адистерди, эксперттерди жана илимпоздорду
туруктуу комиссиянын жыйындарына катышуу үчүн чакырат;
- комиссиянын жыйындарына төрагалык кылат:
- айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары менен туруктуу байланышта болот,комиссиянынжыйындарындакаралганмаселелер,ошондойэлечечимдердижана комиссиянын сунуштарын жүзөгө ашыруу үчүн кабыл алынган чаралар тууралуу маалымдайт;
- айылдык кеңештин, туруктуу комиссиялардын чечимдерин аткаруу боюнча ишти уюштурат,тапшырылган милдеттердин аткарылышы тууралуу айылдык кеңештин төрагасына, комиссиянын мүчөлөрүнө маалымдайт;
- жыл сайын айылдык кеңештин сессияларында туруктуу комиссиянын ишинин жыйынтыктары жөнүндө отчет берет, отчётто камтылган малыматтарды кеңири жайылтуу үчүн
чараларды көрөт.
15-глава. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү
15.1. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
- туруктуу комиссиялардын жыйынында кароо үчүн сунуштарды киргизүүгө;
- комиссиянын иш планы, комиссиянын жыйындарынын күн тартиби боюнча, талкуулануучу маселелерди кароонун тартиби жана анын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
-комиссиядакаралыпжатканмаселелербоюнчакызматадамдарынынжанабашка
адамдардын маалыматтарын угуунун зарылдыгы жөнүндө сунуш киргизүүгө;
-комиссиянынчечимдеринин,корутундуларынындолбоорунасунуштардыжанасын-
пикирлерди киргизүүгө;
- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
- комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалымат алууга.
15.2. Туруктуу комиссиялардын мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул Регламенттин жоболорун сактоого;
- өзү мүчөсү болуп саналган туруктуу комиссиялардын бардык жыйындарына катышууга. Комиссиянын жыйынына жүйөлүү себептерден улам катышууга мүмкүнчүлүгү болбой калган учурда комиссиянын төрагасына билдирүүгө;
- айылдык кеңештин жана анын комиссияларынын компетенцияларына кирген маселелерге арналган иш-чараларгакатышууга;
- ал кабыл алган чечимдерди жүзөгө ашырууга активдүү катышууга, комиссиянын тапшырмаларын аткарууга.
15.3. Комиссия тарабынан каралаган бардык маселелерди чечүүгө активдүү катышуу үчүн
комиссиянын мүчөсүнө шарт түзүлөт жана керектүү материалдар берилет.
15.4. Комиссиянын мүчөсү комиссиянын тапшырмасы боюнча комиссиянын карамагына киргенмаселелерди жеринен иликтейт, өзүнүн тыянактары жана сунуштары тууралуу комиссияга билдирет.
15.5.Сунушу комиссиядаколдоогоээболбогон комиссиянынмүчөсүошолмаселе
айылдыккеңештинсессиясындаталкууланганучурда,алардыжазуужеоозекитүрүндө киргизүүгө укуктуу.
16-глава. Убактылуу комиссия
16.1.Айылдыккеңеш зарылчылыкка жараша убактылуу комиссияларды түзүүгө укутуу.
16.2. Убактылуу комиссиялар айыл кеңешинин төрагасынын, анын орун басарынын, туруктуу комиссиялардын төрагаларынын сунушу,ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин демилгесибоюнча түзүлөт.
16.3. Убактылуу комиссиялардын иши төмөндөгү учурлар менен чектелет:
- убактылуу комиссия түзүлгөн тийиштүү мезгил менен;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тийиштүү тапшырма менен.
16.4. Убактылуу комиссияны түзүү айылдык кеӊештин токтому менен жол-жоболоштурулат, анда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
- убактылуу комиссиянын аталышы;
- убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн сандык жана жеке курамы;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлгөн тапшырма;
- убактылуу комиссиянын ыйгарым укугунун мөөнөтү.
16.5.Убактылуу комиссиянын мүчөлөрү айылдык кеңештин депутаттары тарабынан депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен шайланат.Добуш берүү ошондой эле убактылуу комиссиянын курамы боюнча да жүргүзүлөт. Добуш берүүнүн жыйынтыгы алардын курамын шайлоо тууралуу айылдык кеңештин токтому менен бекилет.
16.6. Өзүнүн курамынан убактылуу комиссиянын мүчөлөрү өздөрүнүн жалпы санын көпчүлүк добушу менен комиссиянын төрагасын шайлашат.
16.7. Өзүнүн ишинин жыйынтыктары боюнча убактылуу комиссия айылдык кеңешке отчет берет. Өзгөчө пикири бар комиссиянын мүчөсү аны айылдык кеңештин сессиясында жарыялоого укуктуу.
16.8. Убактылуу комиссия төмөндөгү учурларда өзүнүн ишин токтотот:
- өзү түзүлгөн мезгил аяктаганда;
- убактылуу комиссия чечүү үчүн түзүлүп, чечүүгө тийиш болгон тапшырмалар аткарылган учурда;
- айылдык кеңештин чечими боюнча башка учурларда.
16.9. Зарылчылыкка жараша адистер, эксперттер, демилгечи топтор жанабашка кызыкдар адамдар убактылуу комиссиянын ишине тартылышы мүмкүн.
16.10. Каралып жаткан маселелер боюнча убактылуу комиссиянын мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен убактылуу комиссия чечим же корутунду кабыл алат.
16.11. Убактылуу комиссиянын жыйынын өткөрүүнүн тартибитуруктуу комиссиялар үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
16.12. Айылдык кеңештин убактылуу комиссияларынын иштерин материалдык-
техникалык жактан камсыз кылуу (орун-жай, эмеректер, кеӊсе товарлары ж. б. менен камсыз кылуу) айыл өкмөтүнө жүктөлөт.
II БӨЛҮМ
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ИШИН УЮШТУРУУ
17-глава. Айылдык кеңештин сессиясын даярдоонун жана өткөрүүнүнтартиби
1.1.Айылдык кенештин сессиялары төмөнкүдөй болушу мүмкүн:
-кезектеги;
-кезексиз;
-ачык;
-жабык;
17.1. Айылдык кеңештин сессиясы айылдык кеңештин карамагына кирген маселелерди коллективдүү талкуулоону жана ал боюнча тийиштүү чечим кабыл алууну камсыз кылган айылдык кеңештин ишинин негизги уюштуруучулук-укуктук түрү болуп саналат.
17.2. Айылдык кеңештин сессиясыайылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын жарымынан аз эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
Айыл өкмөтүнүн башчысын шайлаган учурда айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмеси катышканда укук ченемдүү болот.
17.3. Депутаттарды каттоо башталгандан кийин 30 мүнөттүн аралыгында кворум жок болгон учурда төрагалык кылуучу 20 мүнөткө тыныгуу жарыялайт. Эгерде 20 мүнөттүн ичинде кворум камсыз кылбаса , анда сессия болбой калды деп эсептелинет.
17.4. Айылдык кеңештин сессиясын айылдык кеңештин төрагасы чакырат:
- өзүнүн демилгеси боюнча;
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси боюнча;
- айыл өкмөтүнүн башчысынын сунушу боюнча.
17.5. Айылдык кеңештин сессиясы кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Белгиленген мөөнөттө чакырылуучу айылдык кеңештин сессиясынан тышкары, кезексиз
сессиялар өткөрүлүшү мүмкүн.
17.6. Айылдык кеңештин сессиясы коомчулук үчүн ачык болуп саналат. Сессияга айыл өкмөтүнүн башчысы,анын орун басары, жергилктүү жамааттын мүчөлөрү, каралуучу маселе боюнчачакырылганадамдар,ошондойэлеушулРегламенттекаралгантартипте бардык кызыкдар адамдар катышууга укуктуу.
17.7. Эгерде каралып жаткан маселемыйзамдарга ылайык мамлекеттик жашыруун сырга тийиштүү болсо, айылдык кеңеш жабык сессия өткөрүү боюнча чечим кабыл алышы мүмкүн.
17.8. Айылдык кеңештин сессиясын чакыруу тууралуу жарыясессия башталганга чейин 10 календардык күндөн кечиктирилбестен, айылдардын аймактарында жалпы жашоочуларга
жеткиликтүү жерлерде көрүнүктүү болуп илинет.
17.9. Айылдык кеңештин сессиясына катышуучулардын саны каттоонун натыйжалары боюнча аныкталат. Депутаттарды каттоону жооптуукатчы жүргүзөт,каттоо ар бир сессиянын алдында жана каттоонун убактысы көрсөтүлүү менен сессия аяктаганга чейин жүргүзүлөт. Депутаттарды каттоо журналы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында (же айылдык кеңештин төрагасында)сакталат. Сессияга катышкан депутат өзүнүн катталуусун жокко чыгарууну талап кылууга укуксуз.
17.10. Кыргыз Республикасынын эмгекмыйзамдарына ылайык документ түрүндө тастыкталган ооруу, иш сапары жана башка себептер айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай калышынын жүйөлүү себептери болуп саналат.Мындай учурда депутат айылдык кеңештин төрагасына айылдык кеңештин сессиясына депутаттын катышпай
калышынын жүйөлүү себептерин тастыктаган документти тапшырат.
17.11.Сессияларгакатарыменентөртжолуданашыкжүйөлүүсебептерсизкатышпай калган депутаттарга карата айылдык кеңештин депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен депутаттык ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу айылдык кеңештин чечими кабыл алынат.Мындайчечимкүчүнөкиргенденкийин(жарыяланганкүндөнбаштап)ыйгарым
укуктарын токтотуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт.
18-глава. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясы
18.1. Кечиктирилгис маселелерди чечүү үчүн айылдык кеңештин төрагасы өзүнүн демилгеси же айыл өкмөтүнүн башчысынын, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн биринин сунушу боюнча айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакырууга укуктуу.
18.2. Айыл өкмөтүнүн башчысынын же айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынынүчтөнбиринин,айылдыккеңештинкезексизсессиясынчакыруубоюнчасунушу
кезексизсессиядакаралуучумаселелердикөрсөтүүжанаанычакыруунунзарылдыгынын кыскача негиздемеси менен жазуу жүзүндө айылдык кеңештин төрагасына берилет.
18.3. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнча айылдык кеңештин төрагасынын сунушукаралуучу маселелерди көрсөтүү жана аны чакыруунун зарылдыгынын негиздемеси менен маалымдама аркылуу жол-жоболоштурулат жана айылдык кеңештин
депутаттарына жөнөтүлөт.
18.4. Кезексиз сессия сунуш келип түшкөн күндөн тартып5 календардык күндөн кеч эмес убакытта чакырылат.
18.5. Кезексиз сессиясын чакыруу жөнүндө айылдык кеңештин депутаттарына маалымдоо кезексиз сессияны чакыруу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн баштап 4 календардык күндүн
ичинде жүргүзүлөт.
18.6. Айылдык кеңештин кезексиз сессиясын чакыруу боюнчажарыядакезексиз сессияда каралуучу маселелер көрсөтүлүп, кезексиз сессия башталганга чейин 4 календардык күндөн кечиктирилбестен, айылдарда жалпы жашоочуларгажеткиликтүү жерлердекөрүнүктүү болуп илинет.
18.7. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда айылдык кеңештин төрагасы депутаттарды, чакырылуучу адамдарды жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнмаалымдоонун мөөнөтүн милдеттүү түрдө сактабастан эле кезексиз сессияны чакырууга укуктуу.
18.8. Кезексиз сессиянын кун тартиби жана зарыл каралуучу маселелердин материалдары депутаттарга жана чакырылган адамдарга кезексиз сессиянын 3 календарлык күнүнө чейин, калган бардык катышуучуларга кезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
18.9. Өзгөчө кырдаалдар жаралган учурда кезексиз сессиянын күн тартиби жана материалдарыдепутаттаргажанабардыкчакырылгандаргажанакатышуучуларгакезексиз сессия өткөрүлөр алдында таркатылат.
19-глава. Сессиянын күн тартиби
19.1. Сессиянын күн тартибинин долбоору айылдык кеңештин иш планынын, туруктуу
(убактылуу) комиссиялардын, депутаттардын, айыл өкмөтүнүн башчыларынын сунуштарынын
негизинде жыйын өткөрүүгө чейин айылдык кеңештин төрагасы тарабынан 10 күн мурда жана айылдык кеңештин кезексиз сессиясына чейин 5 күн мурда түзүлөт. Өзгөчө кырдаал жаралган учурлардакечиктирилгис түрдө түзүлөт.
19.2. Күн тартибинин долбоорунун маселелери алар туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында алдын ала каралгандан кийин жана алар айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларынын төрагалары менен макулдашылгандан кийин төрага тарабынан
киргизилет.
19.3. Өткөрүлүүчү убактысы жана жери көрсөтүлүү менен төрага тарабынан аныкталган сессиянын күн тартибинин долбоору, сессияда каралууга тийиш болгон токтомдордун долбоорлору жана башка документтер менен материалдар сессия башталганга чейин 3 календардыккүндөнкечэмесдепутаттаргажаначакырылганадамдаргажөнөтүлөт.Күн
тартибинин долбоору бир эле учурда айыл өкмөтүнүн маалымат тактайларына жайгаштырылат, ошондойэлежергиликтүүкалктынтаанышуусуүчүн айылдардыничиндегикөрүнүктүү жерлерге илинет.
19.4. Эгерде айылдык кеңештин депутаттары зарыл деп эсептешсе, сессиянын күн тартибинин долбоору жергиликтүү гезиттерде, теле көрсөтүүдө жана радиодо жарыя кылынат.
19.5. Сессиянын күн тартибинин долбоору сессияда төрагалык кылуучу тарабынан негиз катары кабыл алуу үчүн добушка коюлат.
19.6. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
19.7. Сессияда негиз катары кабыл алынган күн тартибинин долбоорун жаӊы маселе менен
толуктоо тууралуу сунуш, эгердесунуш кылынган маселе мурда айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралган болсо гана, катышкан депутаттардынкөпчүлүк добушу менен киргизилет.
19.8. Күн тартибинин долбооруна киргизилген маселелерди алып салуу жесессиянын күн тартибиндегимаселелергеөзгөртүүкиргизүү(техникалыкмаанидеги)тууралуусунуштар
айылдык кеңештин туруктуу (убактылуу) комиссияларында каралбастан элекатышкан депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
19.9. СессияКыргыз Республикасынын гимнин аткаруу менен башталат жана аяктайт.
19.10. Сессиянын күн тартибинин долбооруна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү тууралуу чечим кабыл алынгандан кийин төрага тарбынан сессиянын күн тартиби жалпысынан кабыл алуу үчүн добушка коюлат, сессиянын күн тартиби айылдык кеңештин депутаттарынын
жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат.
19.11. Айылдык кеңештин сессиясында кошумча материалдар айылдык кеңештин төрагасынын кол коюусу болгондо гана таркатылат.
19.12. АйылдыкКеңештинжабыксессиясы:
1) Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 30-беренесинин 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурдаайылдык кеңештин сессиясы жабык өткөрүлөт.
2)Жабык сессия откоруу жөнүндө чечим катышкандардын көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
3) Мамлекеттик сырды кароого атайын текшерүүдөн өткөн жана аны кароого уруксаты бар жаран (кызматына карабастан) катыша алат.
4) Айылдык Кеңештин жабык сессияларынын мазмунун ачыкка чыгарууга жана жайылтууга, ошондой эле жыйналыш убагында фото, укма жана көргөзмө жабдууларды, маалыматтарды иштетүү каражаттарын, телефондук жана радиобайланыштарынпайдаланууга тыюусалынат.
20-глава. Сессияга төрагалык кылуучу
20.1. Айылдык кеңештин сессиясын сессияга төрагалык кылуучу алып барат. Сессияга төрагалык кылуучу айылдык кеңештин төрагасы болуп саналат, ал жокто айылдык кеңештин төрагасынын орун басары болот.
20.2. Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүдөй укуктарга ээ:
- айылдык кеңештин сессиясын алып барууга;
- маселелерди талкуулоого катышууга;
- депутаттарга жана кызмат адамдарына маалым-кат алуу үчүн кайрылууга;
- эгерде депутат Регламентти бузуп жатса, күн тартибинин башка маселеси боюнча сүйлөсө, кемсинтчүсөздөрдүпайдаланса,чыгыпсүйлөөчүнүэскертүүгө,эгердекайталапмындай
бузууларга жол берсе, чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө добушка коюуга;
- чечим кабыл алынган учурда көпчүлүгүнүн добуш берүүсү ачыктан-ачык белгилүү болуп турганда добуштарды саноого убакыт кетирбөөгө;
- сессияда пайда болгон пикир келишпестиктерди четтетүү жана маселелерди чечүү максатында депутаттар, адистер менен кеңешүүлөрдү өткөрүүнү жүргүзүүгө;
- ушул Регламентте белгиленген тартипте сессияга катышуу тартибин бузган депутат болуп саналышпаганадамдаргасөзбербөө,жыйындарзалынанчыгарыпжиберүүтууралуу сунуштарды киргизүүгө;
-залдаөзгөчөкырдаалдар,ошондой элекоомдуктартиптиодонобузууларжаралган
учурда сессияны токтото турууга.
20.3 Сессияга төрагалык кылуучу төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ушул Регламентти сактоого жана аны ушул жыйынга катышуучулардын баарынын сактоосун камсыз кылууга;
- чыгып сүйлөө убактысын сактоону камсыз кылууга, белгиленген убакыттын бүтүп жаткандыгы тууралуу өз учурунда эскертүүгө;
- сессиянын күн тартибине ылайык келип түшкөн сунуштардын ирети боюнча сөз сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
- сессиянын күн тартибинде турган маселелерди добушка коюуга;
- келип түшкөн депутаттардын сунуштарын иретине жараша добушка коюуга;
- депутаттардын жазуу жүзүндөгү суроо-талаптарын жана кайрылууларын жарыя кылууга, суроо-талаптарүчүнсөзберүүгө,аларгасуроо-жооп,маалыматты,билдирүү,жарандардын
кайрылуулары,жарыяларыүчүн,ошондойэлежыйындыалыпбаруубоюнчасын-пикирлер,
айылдыккеңештинтоктомунундолбоорубоюнчасунуштардыжанатүзөтүүлөрдүкиргизүү, добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөө үчүн сөз берүүгө;
-сессиянынпротоколунжүргүзүүнүуюштурууга,айылдыккеңештинсессияларынын
протоколдоруна жана токтомдоруна кол коюуга;
- сессиянын катышуучуларына карата сый мамиле жасоого, сессиянын катышуучуларына жекече сын-пикирин билдирүүдөн жана алардын сөздөрүнө баа берүүдөн, комментарий жасоодон карманууга;
- сессияны алып баруунун эрежелери жана жол-жоболору боюнча билдирүүлөрдү жана
түшүндүрмөлөрдү эске алууга;
- эгерде айылдык кеңештин төрагасы каралып жаткан маселе боюнча баяндамчы болсо же аны айылдык кеңештин төрагасынын кызмат ордунан бошотуу тууралуу маселени айылдык кеңеш караган учурда,сессияны алып барууну орун басарына берүүгө.
21-глава. Айылдык кеңештин сессиясында депутаттын укугу жана милдети
21.1. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө укуктуу:
- айылдык кеңештин органдарын шайлоого жана аларга шайланууга;
- айылдык кеңештин жана анын органдарынын кароосу үчүн маселелерди сунуш кылууга;
- айылдыккеңештинжанааныноргандарынынжыйындарынынкүнтартиби, талкуулануучу маселелерди кароонун ирети жана алардын маңызы боюнча сунуштарды жана сын-пикирлерди киргизүүгө;
- токтомдордун долбоорлорун, айылдык кеңеш же анын органдары кабыл алуучу документтерди жана аларга түзөтүүлөрдү кароо үчүн демилге көтөрүүгө жана киргизүүгө;
- айылдык кеңеш түзүүчү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жеке курамы жана айылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат адамдарынын талапкерлиги боюнча пикирин билдирүүгө;
- айылдык кеңеш тарабынан түзүлүүчү органга, алардын курамына кирген адамдарга, ошондой элеайылдык кеңеш тарабынан шайлануучу, дайындалуучу же бекитилүүчү кызмат
адамдарынаишеним көрсөтпөө жөнүндө маселени коюуга;
- жарыш сөздөргө катышууга, суроо-талап менен кайрылууга, баяндамачыга сессияга төрагалык кылуучуга суроолорду берүүгө;
- айылдык кеңешке отчет берүүчү органдын же кызмат адамынын айылдык кеңештин сессиясында отчетун угуу, ошондой эле айылдык кеңештин, айыл аймагында жайгашканбашка
органдардын жана кызмат адамдарынын компетенциясына кирген маселелер боюнча маалыматтарын угуу боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- өзүнүн сунуштарын негиздөө менен жана добуш берүүнүн түрү боюнча чыгып сүйлөөгө, маалымат берүүгө;
- айылдык кеңештин сессиясында, анын органдарынын жыйындарында айылдык кеңеш
тарабынан белгиленген тартиптежарандардын же алардын бирикмелеринин кайрылууларынын, билдирүүлөрүнүн, петицияларынын тексттерин, эгерде алар коомдук мааниге ээ болсо,жарыя кылууга;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Регламентте ага берилген башка укуктардан пайдаланууга.
21.2. Айылдык кеңештин депутаты төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- ар бир сессиянын алдында каттоодон өтүүгө жана сессиянын ишине катышууга;
- Регламенти, сессиянын күн тартибин жана сессияга төрагалык кылуучунун укук ченемдүү талаптарын сактоого;
- колун көтөрүү аркылуу сөз сүйлөөнү суранууга;
- сессияга төрагалык кылуучунун уруксаты менен гана чыгып сүйлөөгө;
- жүрүм-турум этикасынын эрежелерин сактоого;
- чыгып сүйлөгөндө катышып жаткандардын ар-намысына жана кадыр-баркына акарат келтирген орой, мазактоочу сөздөрдү колдонбоого, мыйзамсыз аракеттерге чакырбоого, көзкөрүнөө жалган маалыматтарды пайдаланбоого, сессиянын катышуучуларына алардын чыгып
сүйлөгөн сөздөрүнө баам бербөөгө, кимдир бирөөнүн дарегине карата негизсиз жалаа жабууга жол бербөөгө;
- сессия учурунда төрагалык кылуучунун уруксаты менен чыгып кетүүгө.
21.3. Өзүнүн милдеттерин аткарбаган учурда депутат мыйзамдарга ылайык жооп берет.
21.4.Айылдык кеңештин депутаты анын жеке кызыкчылыгына байланыштуу, башкача айтканда ал үчүн, анын жубайы, алардын ата-энелери, балдары, бир туугандары үчүн
материалдык жактан пайдалуу маселелер кеңештин сессияларында (айыл өкмөтүнүн
башчысын шайлоого тийиштүү маселелерден башка)каралган учурда катышууга жана добуш берүүгө тийиш эмес.
21.5. Айылдык кеңештин депутаттары айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын
үчтөн биринин демилгеси менен төмөндөгү маселелерди демилгелөөгө укуктуу:
-өздөрүнүнмилдеттеринаткарбаганжетийиштүүдеңгээлдеаткарбаганучурларда айылдык кеңештин төрагасын, төраганын орун басарын мөөнөтүнөн мурда бошотууга;
- айылдык кеңештин сессиясын кезексиз тартипте чакырууга;
- мурда кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүгө.
21.6.Айылдыккеңештинсессиясында депутаттартарабынанайтылганжанажазуу
жүзүндө төрагалык кылуучуга берилгенсын-пикирлер жана сунуштар айылдык кеңеш тарабынан же анын тапшырмасы боюнча туруктуу (убактылуу) комиссиялар тарабынан каралат же тийиштүү мамлекеттик органдардын же кызмат адамдарынын кароосуна жөнөтүлөт, алар
айылдык кеңеш тарабынан башкача каралбаса, ошол сунуштарды жана сын-пикирлерди бир айлык мөөнөттөн кечиктирбестен кароого жана кароонун жыйынтыктары боюнча сунуш жана сын-пикир киргизген депутатка, ошондой эле айылдык кеңештин төрагасына билдирүүгө милдеттүү.
21.7.Сессияларда,туруктуу(убактылуу)комиссиялардынжыйындарындадепутаттарга
айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдердин аткарылышынын, депутаттардын сунуштарынын жана сын-пикирлеринин, шайлоочулардын суроо-талаптарынын жүзөгө ашырылышын жүрүшү жөнүндө, ошондой эле айылдык кеңештин жана анын органдарынын иштеринин башка маанилүү маселелери мезгил-мезгили менен маалымдалат.
22-глава. Айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына айылдык кеңештин депутаты эмес адамдардын катышуу тартиби
22.1. Айыл өкмөтүнүн башчысы, райондун акими, анын орун басары, ошондой эле айыл аймагындаишжүргүзгөнбашкакызматадамдары,айылөкмөтүнүнаппаратынын кызматкерлери, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү жана башка кызыкдар адамдар айылдык кеңештин ачык сессияларына жана анын органдарынын ачык жыйындарына атайын уруксат алуусуз катышуугаукуктуу.
22.2. Жогоруда аталган адамдар ачык сессияга жана/же анын органынын жыйындарына катышууга ниеттенишсе, сессиянын же жыйындын катчысы атайын каттоо журналына аларды
каттайт жана алар жөнүндө маалыматтарды сессиянын же жыйындын протоколуна киргизет.
22.3. Айылдык кеңештин депутаты болуп саналбаган адамдардын маалыматтары (ф. а. а., жашаган жери, иштеген орду) катчы тарабынан аларды катышып жаткан депутаттарга маалымдоо үчүн төрагалык кылуучугаберилет.
22.4. Айылдык кеңештин депутаттары болуп саналышпаган адамдаркатталган учурдан тартып сессиянын, жыйындын катчысы аларды ушул Регламенттин 22-главасында белгиленген айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышуунун тартибижана айылдык кеңештин Регламентин бузган учурда анын жоопкерчилиги тууралу тааныштырат.
22.5. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңештин сессиясын ачар алдында, сессияга катышып жаткан айылдык кеңешке депутат болуп саналышпаган адамдардын сессияга катышып
жаткандыктары жөнүндө депутаттарга маалымдайт.
22.6. Сессияларга, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдар үчүнжыйындар залында атайын орун бөлүнөт. Эгерде сессия, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары өтүп жатканжыйындар залы катышууну каалагандардын баарын
батыра албаса, төрагалык кылуучунун тапшырмасы боюнчаайылдык кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындары аталган адамдардын өкүлдөрүкиргизилиши мүмкүн. Өкүлчүлүкбир көчөдөн, бир кварталдан, бир райондон, бир айылдан, бир уюмдан, бир мекемеден, бирбирикмеден бир өкүл (эки же үч) болушу мүмкүн.
23-глава. Депутаттын жана айылдык кеңештин сессиясына, туруктуу (убактылуу)
комиссиялардын жыйындарына катышып жаткан адамдардынтартиби жана этикасы
23.1. Өз ишинде айылдык кеңештин депутатыжалпыга таанылган моралдык нормаларын кармоого, өзүнүн наркын сактай билүүгө, башка депутаттардын, кызмат адамдарынын жана жарандардынар-намысын жана кадыр-баркын ызаттоого, айылдык кеңештин, шайлоочулардын жана жалпысынан мамлекеттин беделине шек келтирген аракеттерден, билдирүүлөрдөн жана жосундардан алыс болууга тийиш. Депутаттык мандатты жеке кызыкчылыктары үчүн колдонууга жол бербөөсү керек.
23.2. Депутат төмөндөгүлөрдү жасоого тийиш эмес:
- айылдык кеңештин саясий максаттар үчүн жанажеке пайда табуу үчүн конфиденциалдуу маалыматтарды колдонууга;
- айылдык кеңештин жабык сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында өзүнө белгилүү болгон маалыматтарды, ошондой эле шайлоочунун же башка
адамдын жеке турмушуна тийиштүү маалыматтарды жарыя кылууга, анткени алар депутатка аларды жайылтпоо шартында ишенүү менен айтылат;
- өзүнүн чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө чечим мыйзамдуу күчүнө кире элек жазык жана жарандык иштер боюнча фактылар жөнүндө айтууга;
- айылдык кеңештин мүлкүн жеке максаттары үчүн пайдаланууга;
-депутаттыкмилдеттеринаткаруугабайланыштуужекежанаюридикалыкжактардан белек, акча каражаты жана аракети жана аракетсиздиги үчүн кызмат түрүндө сый акыларды алууга.
23.3. Депутаттар, айылдык кеңештин сессияларына, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынакатышыпжатканадамдаржүрүм-турумдунэтикасынынэрежелеринсактоого
милдеттүү, чыгып сүйлөгөндө орой, мазактаган сөздөрдү колдонууга, мыйзамсыз аракеттерге чакырууга,кимдирбирөөнүндарегиненегизсизкүнөөжабуугажолберүүгө,талкууланып жаткан темадан чыгып кетүүгө укугу жок.
23.4.Ушулжоболорбузулганучурдасессиягатөрагалыккылуучусүйлөпжатканга эскертүү берет, Регламенттин талаптарын кайталап бузуулар болгон учурдатөрагалык кылуучу
сыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндө маселенидобушка коюуга укуктуу, талкууланган маселе боюнча ага кайталап сүйлөөгө сөз берилбейт.
23.5. Сессия учурунда депутаттар чыгып сүйлөөчүнүн жана катышуучулардын сөз сүйлөөсүнө жана угуп олтуруусуна жолтоо болгон аракеттерди (кыйкыруу, кол чабуу, тура калуу, комментарийлерди берүү ж. б. у. с.) жасоого тийиш эмес.
23.6. Сессияга чакырылган жана катышып жаткан адамдар айылдык кеңештин, анын органдарынын ишине сессиянын, жыйындын төрагалык кылуучунун уруксатысыз кийлигише албайт (сөз сүйлөө, билдирүү жасоо, өз пикирин билдирүү, комментарий жасоо).
23.7.Сессияучурундазалдакатышыполтургандардынбаары,депутаттардыкошуп алганда,түйүндүкбайланышаппараттарынөчүрүпкоюуга(жеүнчыкпасрежимге коюуга) милдеттүү.
23.8. Эгерде депутат ушул Регламенттин талаптарын бузса, сессияга, жыйынга төрагалык кылуучу анын жеке өзүн эскертет жана тартипке чакырат.
23.9. Айылдык кеңештин сессиясына төрт жолу катары менен жүйөлүү себептерсиз катышпаган, ошондой элетуруктуу (убактылуу) комиссиялардын иштерине, айылдык кеңештин
иш-чараларынатуруктуу катышпаган, шайлоочулардын алдында отчет беришпеген депутаттар жөнүндө маалыматтар айылдык кеңештин сессияларында жарыя кылынат жана тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн этика жана мандат боюнча туруктуу комиссияга берилет.
III БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ ТАРАБЫНАН ЧЕЧИМДЕРДИ ТАЛКУУЛООНУН ЖАНА КАБЫЛ АЛУУНУН ЖОЛ-ЖОБОЛОРУ
24-глава. Айылдык кеңештин сессияларында маселелерди кароонун тартиби
24.1. Айылдык кеңештин сессияларында күн тартибине киргизилген жана сессиянын ишинин башталышында айылдык кеңештин депутаттары тарабынан бекитилген маселелер каралат.
24.2. Күн тартибине киргизилген маселелер боюнча маселенин демилгечиси же маселени алдын ала кароо тапшырылган туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасы баяндама менен
чыгып сүйлөйт,эгерде органдын же кызмат адамынын отчету болсо отчет берүүчү адам, эгерде уюмдун, мекеменин, ишкананын, бирикменин иши жөнөндө маалымат болсо, анда анын жетекчиси(мынданары-баяндамачы)чыгыпсүйлөйт,баяндамачыжокболупкалганучурда анын эмне үчүн жок болгондугун аныктоо менен маселе кийинки сессияга жылдырылат.
24.3. Айылдык кеңештин депутаты, сессияга катышкан адамдар каралып жаткан маселе
боюнчабаяндамачыга суроо берүүгө, каралып жаткан маселе боюнчатоктомдун долбооруна жазуу жана оозеки түрүндө сын-пикирлерин жана сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду)берүүгө укуктуу.
24.4.Маселенижанатоктомдундолбоорун караганучурда туруктуу(убактылуу)
комиссиялардын корутундулары, ошондой эле депутаттардынжазуу жана оозеки түрүндө сын-
пикирлери жана сунуштары (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) угулат, алар талкууланып добуш берүүгө коюлат.
24.5.Талкуу (жарыш сөз) бүткөндөн кийинбаяндамачы корутунду сөз сүйлөөгө укуктуу. Андан ары депутаттар добуш берүүнүн түрү (ачык, жашыруун) боюнча сунуш берүүгө укуктуу.
24.6. Талкууланып жаткан маселе боюнча токтомдун долбоорунун текстине
депутаттардан сунуштар (өзгөртүүлөр жана толуктоолор) келип түшсө, төрагалык кылуучу депутаттардын бардык сунуштарын (өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду)түшкөн ирети боюнча добушка коет. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүгүдобуш бергендепутаттын сунушу кабыл алынды деп эсептелинет жана токтомдун долбоорунун текстине кошулат. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүкдобушун ала албаган сунуш четке кагылды деп эсептелинет.
24.7. Токтомдун долбоору добуш берүү аркылуу киргизилген сунуштарды жана сын- пикирлерди эске алуу менен жалпысынан добушка коюлат. Эгерде токтомдун долбоору жалпысынан кабыл алынбаса, ал четке кагылды деп эсептелинет. Четке кагылган токтомдун долбоору айылдык кеңештин кезектеги сессиясында каралышы мүмкүн.
24.8.Айылдыккеңештиндепутаттарыталкуулоонунжыйынтыктарыбоюнча,эгерде
берилген суроолор боюнча баяндамачынын жоопторуна канааттанышпаса, же каралып жаткан маселени баяндамачы жетишерлик эмес иликтесе, же мыйзамдардын нормаларына карама каршы келсе, депутаттардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алып, айылдык кеңештин кийики сессиясына киргизүү укугу менен маселени жеткире иштеп чыгууга жөнөтүү тууралуу депутаттардын жалпы санын көпчүлүкдобушу менен чечим кабыл алууга укуктуу.
24.9. Талкуулоонун жүрүшүндө баяндамачыкаралып жаткан маселени кийинки сессияга жылдыруутууралуубилдирүүменентөрагалыккылуучугарасмийтүрдөжазуужеоозеки түрүндө кайрылууга укуктуу. Мындай учурдаталкуулоо токтотулат, каралып жаткан маселе кийинки сессияда каралууга жатат.
24.10.Төрагалык кылуучунун, туруктуу (убактылуу) комиссиянын төрагасынын же депутаттардын үчтөн биринин кем эмесинин сунушу боюнча айылдык кеңеш кыскартылган жол-жобо боюнча маселелерди кароо жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
Кыскартылган жол-жобоготөмөндөгүлөр кирет:
- негизги баяндамачынын баяндамасы;
- ар бир депутаттан эки суроо жана аларга жооптор;
- 5 мүнөттөн ашык эмес жарыш сөз (талкуу);
- баяндамачынын корутунду сөзү;
-токтомдун долбоорунун текстине келип түшкөн депутаттардын сунуштары боюнча добуш берүү;
- токтомду жалпысынан кабыл алуу боюнча добуш берүү.
25-глава. Айылдык кеңештин сессияларындагы жол-жобо маселелери
25.1. Жол-жобо маселелерине сессияны алып баруунун тартибине байланышкан төмөндөгү маселелер кирет:
- сессияда тыныгуу,аны жылдыруу, жабуу же узартуу жөнүндө;
- добуш берүүнүн жолун өзгөртүү жөнүндө;
- чыгып сүйлөөлөрдүн кезегин өзгөртүү жөнүндө;
-кошумча каттоону жүргүзүү жүнүндө;
- кворумду тактоо жана добуштарды кайра саноо жөнүндө;
- талкууланып жаткан маселе боюнча жарыш сөздөрдү жылдыруу же токтотуу жөнүндө;
- маселени кароону туруктуу же убактылуу комиссияларга өткөрүп берүү жөнүндө;
- чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын чектөө же узартуу жөнүндө;
- күн тартибинин башка маселелерине өтүү (кайрылып келүү) жөнүндө;
- сессияда маселелелерди кароонун жана талкуулоонун ирети жөнүндө;
- добуш берүүнүн түрүн белгилөө жөнүндө;
- маселени кароону кийинки сессияга жылдыруу жөнүндө;
- маселелерди талкуулоонун жалпы узактыгын белгилөө жөнүндө;
- күн тартибине маселелерди киргизүү жана алып салуу жөнүндө;
- чыгып сүйлөөлөрдүн жана маселелердин санына чектөө белгилөөжөнүндө;
- суроо жооптордун убактысына чектөө киргизүү же узартуу жөнүндө;
- каралып жаткан маселе боюнча адамдарды жыйынга чакыруу жөнүндө;
- чакырылган адамдарга сөз берүү жөнүндө;
- күн тартибинин маселесин талкуулабай туруп добушка коюуга өтүү жөнүндө;
- добуштарды кайра саноо жөнүндө;
- жол-жобого кирген башка маселелер.
25.2. Жол-жобо маселелери боюнча айылдык кеңештин чечими катышып жаткан депутаттардын санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана токтом менен тастыкталбайт.
26-глава. Чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын узактыгы
26.1. Сессияларда төмөндөгүдөй чыгып сүйлөөлөрдүн түрү жана алардын убактысынын узактыгы каралат:
- баяндама - 10 мүнөткө чейин;
- баяндамаларды жарыш сөздөрдө талкуулоо үчүн -5 мүнөткө чейин;
- күн тартибин талкуулоо үчүн – 2 мүнөткө чейин;
- талкууланып жаткан маселе боюнча корутунду сөз үчүн - 2 мүнөткө чейин;
- шайлануучу кызматка талапкердин чыгып сүйлөөсү үчүн - 5 мүнөткө чейин;
- талкууланып жаткан талапкер боюнча жарыш сөзгө чыгып сүйлөө үчүн -3 мүнөткө чейин;
- добуш берүүнүн жүйөөсү боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;
- жыйынды алып баруунун тартиби боюнча чыгып сүйлөө үчүн - 1 мүнөткө чейин;
- сунуштар, маалыматтар, билдирүүлөр, кайрылуулар үчүн - 2 мүнөткө чейин;
- кайталап сөз сүйлөө үчүн - - 2 мүнөткө чейин;
26.2. Катышып олтурган депутаттардын макулдугу менен төрагалык кылуучу чыгып сүйлөөлөрдүн убактысын 3 мүнөткө чейин узартуугаукугу бар.
26.3. Бир эле маселе боюнча бир депутаттын экиден ашык сөз сүйлөөсүнө жол берилбейт.
26.4. Шайлануучу кызматка талапкердин баяндамасы, чыгып сүйлөөсү трибунадан жүргүзүлөт, калган чыгып сүйлөөлөр – трибунадан же олтурган ордунан жүргүзүлөт.
26.5. Депутат жыйында төрагалык кылуучу тарабынанөзүнө сөз берилгенден кийин гана
сөз сүйлөйт.
26.6. Сөз берүү жөнүндө сунуштөрагалык кылуучугажазуу түрү сыяктуу эле, оозеки түрүндө да берилет.
26.7.Айыл өкмөтүнүн башчысы, райондун акими жана анын орун басарлары каралып жаткан маселе боюнча сөз сүйлөө үчүн кезексиз түрдө сөз алууга укуктуу.
26.8.Сессияны алып баруунун тартиби, добуш берүүнүн түрү, маалымат, түшүнүк берүү боюнчасөзсессиягатөрагалыккылуучутарабынанберилишимүмкүн,анынузактыгы2 мүнөттөн ашпайт.
26.9. Депутаттардын билдирүүлөрү жана кайрылуулары күн тартибинин «Ар кандай маселелеринде» каралат. Айылдык кеңештин сессиясынын же төрагалык кылуучунун чечими
боюнча «Ар кандай маселелерге» 5 мүнөт убакыт берилиши мүмкүн.
26.10. Күн тартибинин кезектеги маселесин кароого өтүү же бүтпөй калган мурдагы маселелердинбирине кайрылып келүү, ошондой эле маселелерди кароонун иретин өзгөртүү сессияга төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
26.11.Сессиягатөрагалыккылуучутарабынансессиянынишине20мүнөткөчейинки
кезексиз тыныгуу (добуш берилбей туруп)жарыяланышы мүмкүн.
26.12. Баш аламандык пайда болгондо жана аны токтотууга мүмкүн болбой калганда төрагалык кылуучу 40 мүнөткө чейин тыныгуу жарыялоого укуктуу. Эгерде сессия өз ишин кайрадан баштаганда баш аламандык улана берсе, төрагалык кылуучу сессияны жабык деп жарыялоого жана/же аны белгилүү убакка же күнгө которууга укуктуу.
27-глава. Жарыш сөз (талкуулоо)
27.1. Төрагалык кылуучунун уруксаты жокайылдык кеңештин сессиясында эч кимдин сөз сүйлөөгө укугу жок.
27.2. Жарыш сөзгө чыгып сүйлөөчүлөр талкууланып жаткан маселенин темасын карманууга тийиш. Чыгып сүйлөөчү темадан чыгып кеткен учурда, төрагалык кылуучу ага эскертет,алэмиРегламенттинталаптарынкайталапбузганучурдатөрагалыккылуучунун
чыгып сүйлөөчүгө сөз бербөө жөнүндөмаселени добушка коюуга укугу бар.
27.3. Төрагалык кылуучу жарыш сөздөрдү токтотуу тууралуу сунуш келип түшкөндө депутаттарга чыгып сүйлөөнү каалагандардын, бироксөз жетпей калгандардын саны жөнүндө баяндайт, кимиси чыгып сүйлөөнү талап кылып жатканын аныктайт жана ушуларды эске алуу менен жарыш сөздү токтотуу тууралуу маселени добушка коет.
27.4.Жарыш сөз токтотулгандыгына байланыштуу сөз сүйлөй албай калган депутаттык топтун өкүлүнүн, депутаттардын төрагалык кылуучуга сүйлөөчү сөздөрүнүн текстин сессиянын протоколуна тиркеп коюу үчүн берүүгө укугу бар.
28-глава. Чечим кабыл алуу үчүн кворум
28.1. Айылдык кеңештин чечимдери төмөндөгүдөй кабыл алынат:
- айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен;
-айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен;
- айылдык кеңештин депутаттарынын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен;
28.2. Депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуштары менен төмөндөгү маселелер
боюнча чечимдер кабыл алынат:
- айылдык кеңештин төрагасын жана анын орун басарын шайлоо;
-айылдыккеңештинтөрагасынынорунбасарынээлегенкызматордунанмөөнөтүнөн мурда бошотуу;
- айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо;
- мыйзамдарды, прокуратура органдары тарабынан белгиленген Президенттин жана Өкмөттүн ченемдик укуктук актыларын же өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктардыаткарбагандыгыжетийиштүүдеңгээлдеаткарбагандыгыүчүнайылөкмөтүнүн
башчысын мөөнөтүнөн мурда бошотууга айылдык кеңештин депутаттарынын макулдук берүүсү;
- жергиликтүү жамааттын уставын бекитүү.
28.3. Депутаттардын жалпы санынын үчтөн эки добуштары менен төмөндөгү маселелер боюнча чечимдер кабыл алынат:
-айылдык кеңештин төрагасын ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу;
- айылдык кеңештин депутаттарынын демилгеси боюнча айылдык кеңешти мөөнөтүнөн мурда таркатуу;
- мурда кабыл алынган жергиликтүү жамааттын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү.
28.4. Депутаттардын сессияга катышкан санынын көпчүлүк добуштары менен жол-жобо
маселелери боюнча чечимдер кабыл алынат.
29-глава. Добуш берүү жана анын түрлөрү
29.1.УшулРегламенттедобушберүүнүннатыйжаларынаныктооүчүнколдонулган төмөндөгүдөй түшүнүктөр пайдаланылат:
-айылдык кенештин депутаттарынын жалпы саны-21;
-жыйынга катышкандардын саны - каттодон өткөн айылдык кенештин депутаттарынын саны__.
29.2.Айылдык кеӊеш сессияларда ачык жана жашыруун добуш берүү жолу менен
чечимдердикабылалат.Добушберүүайылдыккеңештиндепутаттарынынколкөтөрүүсү аркылуу жана төрагалык кылуучунун добуштарды саноосу аркылуу (ачык добуш берүү) же депутаттаратайын кабинадабюллетендерди толтуруп,алардычапталып бекитилгенүкөккө салуу (жашыруун добуш берүү) аркылуу жүргүзүлөт.
29.3. Тийиштүү чечим кабыл алуу үчүн жетиштүү кворум жок болгондо төрагалык кылуучу кворум камсыз кылынганга же кийинки сессияга чейин добуш берүүнү жылдырат.
29.4. Бардык маселелер боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгы айылдык кеңештин сессиясынын протоколуна түшүрүлөт.
29.5. Айылдык кеңештин депутаты добуш берүүгө өзүнүн укугун жеке өзү ишке ашырат. Депутаттын добуш берүү укугун башка депутатка ишеним кат же башка жол менен өткөрүп берүүсүнө жол берилбейт.
29.6. Бир маселе боюнча добуш бергенде айылдык кеңештин депутаты чечим кабыл алуу үчүн“макул”же“каршы”,болбосочечимкабылалууда“калыс”добушберүүмененбир
добушка ээ.
29.7. Добуш берүү учурунда жок болгон айылдык кеңештин депутаты добуш берүү аяктагандан кийин өзүнүн добушун берүүгө укугу жок. Жыйындар залында катышып олтурган шартта депутаттын добуш берүүгө катышпай калышы добуш берүүнүн жыйынтыктарын кайра кароо үчүн негиз болуп саналбайт.
29.8. Добуш берүүнүн башталгандыгы жарыялангандан кийин эч кимдин аны үзгүлтүккө учуратууга укугу жок.
30-глава. Ачык жана жашыруун добуш берүү
30.1. Ачык добуш берүү – ар бир депутаттын жооптун варианттарынын (“макул”, “каршы”) бирөөсү боюнча өзүнүн эркин билдирген добуш берүү ыкмасы.
30.2. Ачык добуш берген учурда добуштарды саноо төрагалык кылуучу тарабынан жүргүзүлөт.
30.3. Добуштар саналгандан кийин сессияга төрагалык кылуучу чечим кабыл алынгандыгын же кабыл алынбагандыгын жарыялайт.
30.4. Добуш берүүдө жол-жоболук ката кетирилген учурда (же төрагалык кылуучунун катасы) айылдык кеңештин депутаттары кайталап добуш берүү жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн.
30.5. Жашыруун добуш берүү – добуш берүүгө катышкандардын жашыруун жүргүзгөн
добуш берүү ыкмасы, булучурда жооптордун варианттарынын (“макул”, “каршы”, “калыс”)
бири боюнча добуш берүүчүнүн эркин контролдоо жокко чыгарылат.
30.6. Жашыруун добуш берүү милдеттүү болгон маселелер, ошондой эле айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушунун чечими боюнча жашыруун добуш берүү жүргүзүлөт.
30.7. Бюллетендерди пайдалануу менен жашыруун добуш берүү, бюллетендерди толтуруу аркылуу ар бир депутаттын жеке өзү тарабынан ишке ашырылат, бюллетендер депутаттардын тизмесине ылайык ар бир депутатка берилет жана депутаттын өз эркин жашыруун билдирүүнү камсыз кылган атайын кабинада толтурулуп, эсептөө комиссиясы мөөр басып бекиткен добуш берүүчү үкөккө салынат.
31-глава. Эсептөө комиссиясынын иши
31.1. Жашыруун добуш берүүнү өткөрүү жана анын натыйжаларын белгилөө үчүн айылдыккеңештиндепутаттарыачык(жежашыруун)добушберүүмененэсептөө комиссиясынын мүчөлөрүн шайлашат, эсептөө комиссиясынын мүчөлөрүнүн саны так сандардан турат.
31.2. Эсептөө комиссиясы өзүнүн курамынан эсептөө комиссиясынын төрагасын жана катчысыншайлайт,ошондойэлеэсептөөкомиссиясынынмүчөлөрүнүнортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт.
Эсептөө комиссиясынын төрагасын, катчысын шайлоо жөнүндө, ошондой эле мүчөлөрүнүнортосундамилдеттердибөлүштүрүүтууралууэсептөөкомиссиясынынчечими анын мүчөлөрүнүн көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана протокол менен жол- жоболоштурулат, протокол айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен бекитилет.
31.3. Жашыруун добуш берүү үчүн бюллетендер айылдык кеңештин чечими менен сунуш кылынган жана бекитилген форма боюнча эсептөө комиссиясы тарабынан дайындалат, анын саны айылдык кеңештин депутаттарынын санына барабар болот. Добуш берүү үчүн бюллетенде “макул”, “каршы”, “калыс” деген жооптордун варианттары турат. Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү бюллетендин ар биринин арткы бетине кол коюшат.
31.4. Эсептөө комиссиясы жашыруун добуш берүү үчүн кабинаны орнотуу менен депутаттар өз эркин жашыруун билдирүү үчүн шарттарды түзөт.
31.5. Добуш берер алдында эсептөө комиссиясы айылдык кеңештин бардык депутаттарынын катышуусунда добуш берүүчү үкөктү бекитет.
31.6. Депутат жашыруун добуш берүү үчүн бир бюллетень алып, жашыруун добуш берүү
үчүн бюллетендерди берүү ведомостундагы өзүнүн фамилиясынын тушуна кол коёт жана жашыруун добуш берүү үчүн кабинага келет. Добуш бергенден кийин депутат добуш берүүчү үкөккө бюллетенин таштайт.
31.7. Добуш берүү бүткөндөн кийин эсептөө комиссиясында калып калган бюллетендер эсептелинет жана депутаттардын катышуусунда эсептөө комиссиясынын төрагасы тарабынан
бюллетендин оң бурчун кесүү аркылуу жок кылынат.
31.8. Депутаттардын добушун саноодо белгисиз формадагы бюллетендер, ошондой эле депутаттардын эркин билдирүүнү аныктоого мүмкүн болбогон бюллетендер жараксыз деп табылат. Бюллетенге киргизилген толуктоолор добуштарды саноодо эске алынбайт.
31.9. Жашыруун добуш берүүнүн натыйжалары жөнүндө эсептөө комиссиясы протокол
түзөт, ал эсептөө комиссиясынын бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат жана сессияда эсептөө комиссиясынын төрагасы аны жарыя кылат.
31.10. Эсептөө комиссиясынын протоколунун негизинде сессияга төрагалык кылуучу чечимдин кабылалынгандыгыжекабылалынбагандыгытууралуу жарыякылат.Жашыруун
добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протокол айылдык кеңештин токтому менен бекитилет.
32-глава. Кабыл алынган токтомдордун күчүнө киришинин тартиби
32.1. Айылдык кеңештин катчысы (айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы) баяндамачы менен бирдикте айылдык кеңеш чечим кабыл алган маселе боюнча кабыл алынган токтомду ал кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында жол-жоболоштурулат.
32.2. Айылдык кеңештин төрагасы айылдык кеңеш тарабынан кабыл алынган токтомдун долбоорун четке кагууга укугу жок жана ага кабыл алынган күндөн баштап 5 жумушчу күндүн аралыгында кол коёт.
32.3. Документти жол-жоболоштурулган учурда грамматикалык мүнөздөгү түзөтүүлөрдү кошпогондо, ага оңдоо киргизүүгө жол берилбейт. Сессияда кабыл алынган айылдык кеңештин токтомунунмазмундукбөлүгүнөоңдоокиргизгенадамКыргызРеспубликасынын мыйзамдарына ылайык документти бурмалагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылат.
32.4. Айылдык кеңештин токтому күчүнө кириши үчүн расмий жарыяланууга тийиш:
-айыл аймагында кеңири жайылтылган басылмалардын ичинен айылдык кеңеш өзү аныктаган тийиштүү басма сөз басылмасында;
-айылдык кеңештин расмий веб-сайтында;
32.5. Токтомду расмий жарыялоо мамлекеттик жана/же расмий тилдерде жүзөгө ашырылат. Мамлекеттик жана (же) аскердик жашыруун сырды камтыган токтомдорду
кошпогондо, толук эмес баяндамадагы токтомдорду жарыялоого жол берилбейт.
32.6. Ченемдик укуктук актынын расмий жарыяланышынын датасы ошол акт жарык көргөн басылма жарыкка чыккан күн эсептелинет.
32.7. Эгерде токтомдун өзүндө башкача каралбаса, токтом расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Ишкердик ишти жөнгө салган токтом расмий
жарыяланган күндөн тартып он беш күндөн эрте эмес күчүнө кирет.
32.8. Айылдык кеңештин токтомдорун каттоону төмөнкү реквизиттерди көрсөтүү менен айылдык кеңештин токтомдорун каттоо жөнүндө журналга жазып түшүрүү аркылуу айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы ишке ашырат:
-актынын түрүн көрсөтүү;
-ошол ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу предметин билдирген аталыш;
-кабыл алынган жери жана датасы;
-каттоо номери;
32.9.РасмийжарыяланганкүнүайылдыккеңештинтоктомунункөчүрмөсүКыргыз
РеспубликасынынЮстиция министрлигинин тийиштүү аймактыкбөлүмүнө эки нускада, мамлекеттик тилде ганакагазжанаэлектрондуктүшүрмөлөрдөжарыяланган булагын көрсөтүү менен жана токтомду жарыялоо күнүнө карата АК токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга боло тургандыгы жөнүндө АК тиешелүү токтомун көрсөтүү менен ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлөт.
.
33-глава. Айылдык кеңештин сессиясынын жана анын органдарынын протоколу
33.1. Айылдык кеңештин сессияларында, туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарында протокол жүргүзүлөт, ага катар номери берилет.
33.2. Сессиялардын жана жыйындардын протоколдорун жүргүзүү жана жол- жоболоштуруу протоколдорду жүргүзүү жана сактоо үчүн жооптуу болгон айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы тарабынан жүргүзүлөт. Зарылчылык болгон учурда айыл өкмөтүнүн башчысы мененмакулдашуубоюнчаайылдыккеңештинтөрагасынынтапшырмасыменентуруктуу
(убактылуу) комиссиялардын жыйналыштарынын протоколдорун жүргүзүүнү жана жол-
жоболоштурууну айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери жүргүзөт.
33.3. Протоколдун тексти киришүү жана негизги бөлүктөрдөн турат:
-айылдык кеңештин сессияларынын жыйындарынын протоколунун киришүү бөлүгүндө номери,датасы,өткөрүлгөнубактысыжанаорду;айылдыккеңештинчакырылганжылы, айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны, катышкан депутаттардын саны жана тизмеси, чакырылгандардын тизмеси (эгерде 10дон ашык адам чакырылса, чакырылгандардын тизмеси тиркелет),баяндамачынынфамилиясынкөрсөтүүмененкүнтартиби,эгертүзүлгөнболсо эсептөө комиссиясынын курамы чагылдырылат;
-негизгибөлүгүндөсессияныалыпбаруунунжүрүшү,каралганмаселелер,баяндама менен чыгып сүйлөгөндөр жана жарыш сөзгө чыгып сүйлөгөндөр, добушка коюлган маселелер жана сунуштар, аларды кабыл алуунун жолдору; добуш берүүнүн натыйжалары жана кабыл алынган чечимдер, сессиянын жүрүшүндө берилген кошумча материалдар чагылдырылат.
33.4.Депутаттардынфамилияларыалардынфамилияларынжанааттарын,атасынын
аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, башка адамдардын – фамилияларын, аттарын, атасынын аттарынын баш тамгасын көрсөтүү менен, кызмат ордун жана иштеген ордун, эгерде иштебеген болсо жашаган жерин көрсөтүү менен коштолот. Жергиликтүү жамааттын мүчөлөрү катышкан учурда алардын фамилиялары жана жашаган жери көрсөтүлөт.
33.5. Сессиянын протоколу сессиянын иши аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч
эмес жол-жоболоштурулат, ага айылдык кеңештин төрагасы жана айыл өкмөттүн жооптуу катчысы тарабынан кол коюлат. Туруктуу (убактылуу) комиссиялардын жыйындарынын протоколу алар аяктагандан кийин 5 жумушчу күндөн кеч эмес жол-жоболоштурулат жана комиссиянын төрагасы жана катчысы (айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкери) тарабынан кол коюлат.
33.6. Жабык сессиялардын материалдарын кошпогондо, жыйындардын протоколдорунун көчүрмөлөрү ачык кол жеткендей болууга тийиш. Жооптуу катчы айылдык кеңештин депутаттарына жана башка кызыкдар адамдарга протоколдордун жана токтомдордун көчүрмөлөрүн берет, алардан көчүрүп алууларды жүргүзөт.
33.7.Айылдыккеңештинсессияларындажанатуруктуу(убактылуу)комиссиялардын
жыйындарында видео-аудио жазып алуулар жүргүзүлүшү мүмкүн, алар айылдык кеңештин депутаттары үчүн жеткиликтүү болот.
33.8. Протоколдордун, видео жазып алуулардын түп нускалары айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысында сакталат. Жыйындардын жана сессиялардын протоколдору, алардын тиркемелери тийиштүү айылдык кеңештин ыйгарым укугунун мөөнөтүнүн аралыгында сакталат. Айылдык
кеңештин ыйгарым укуктары аяктаганда жыйындардын, сессиялардын протоколдору жана алардын тиркемелери туруктуу сактоого архивге тапшырылат.
33.9. Айылдык кеңештин жабык сессиясынын материалдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жол-жоболоштурулат.
34-глава. Айылдык кеңештин токтомдорунун аткарылышын контролдоо
34.1. Токтомдо аны жүзөгө ашыруунун тартиби белгиленилет, атап айтканда:
- жалпысынан токтомдун же анын пункттарын же колдонууга киргизилишинин конкреттүү мөөнөттөрү жана жолдору;
- токтомду жүзөгө ашыруу боюнча органдарга жана кызмат адамдарына конкреттүү тапшырмалардын, айыл өкмөтүнүн жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн (зарылчылыкка жараша) кызмат адамдарына карата таасир этүү чараларынын кабыл алынышы, айыл өкмөтүнүн башчысынын актыларынын айылдык кеңештин токтомуна ылайык келтирүү;
- аны аткаруу үчүн мөөнөттөр белгиленилет.
34.2. Айылдык кеңештин ар бир токтомунда токтомдо көрсөтүлгөн тапшырмаларды аткаруу жүктөлгөн кызмат адамы же орган, ошондой эле токтомдун аткарылышын контролдоо жүктөлгөн кызмат адамы же орган көрсөтүлөт.
34.3. Токтомдун аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалымат угузулгандан кийин, айылдык кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:
-аткарылган катары токтомду контролдон алып коюу;
-аткарылган катары токтомдун айрым пункттарын контролдон алып коюу;
-ошол токтом боюнча аткаруу мөөнөтүн жылдыруу;
-башка кызмат адамына же органга контролдоо ыйгарым укуктарын жүктөө;
-токтомду жокко чыгаруу;
-токтомго өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү;
-кошумча токтомду кабыл алуу.
34.4. Контролдоо боюнча отчёттун мөөнөтү токтомдун өзүндө көрсөтүлөт. Айылдык кеңештин төрагасы токтомдун аткарылышы үчүн контроль жүктөлгөн кызмат адамына же органга айылдыккеңештинсессиясындаанын аткарылышынынжүрүшүжөнүндөмаалыматберүүнү
тапшырууга укуктуу.
IV БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИННОРМА ЧЫГАРУУ ИШИ
35-глава. Норма чыгаруу ишинин негизги принциптери
35.1. Айылдык кеңештин норма чыгаруу иштери төмөндөгү принциптерде жүргүзүлөт:
- жарандардын жана юридикалык жактардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун;
- мыйзамдуулуктун;
- негиздүүлүктүн;
- максатка ылайыктуулуктун;
- акыйкатчылыктын;
- ачыктыктын.
35.2. Айылдык кеңеш өзүнүн компетенциясынын чектеринде токтом кабыл алат.
35.3. Өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде кабыл алынган айылдык кеңештин токтомдору айыл аймагында жашаган бардык жарандар, мамлекеттик бийликтин аймактык органдары, ошондой эле менчигинин түрүнө карабастан мыйзамдарда белгиленген ыйгарым укуктарынын чектеринде ишканалар, уюмдар жана мекемелер тарабынан аткарылууга
милдеттүү.
35.4. Айылдык кеңештин токтому менен таанышуу ачык болууга тийиш. Көчүрмөсү маалымат тактайларында жайгаштыруу аркылуу жана «Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын карамагында турган маалыматтарга жетүү жөнүндө»КыргызРеспубликасынын Мыйзамындакаралган башкакаражаттараркылуу
жалпыга маалымдалууга жатат.
36-глава. Айылдык кеңештин токтомун жол-жоболоштуруунун тартиби
Айылдык кеңештин токтомунун текстин жол-жоболоштуруунун тартиби жана түзүмдүк элементтери, айылдык кеңештин токтомуна өзгөртүүлөрдү, толуктоолордукиргизүүнүн тартиби, аны күчүн жоготту деп таануу «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 12 жана 17-беренелеринде белгиленген талаптарга ылайык ишке ашырылат.
37-глава. Айылдык кеңешкетоктомдундолбоорун киргизүүнүн тартиби
37.1. Айылдык кеңештин сессиясына киргизилүүчү документтердин пакетинде төмөндөгүлөр камтылууга тийиш:
- тийиштүү туруктуу (убактылуу) комиссиялардын төрагалары менен макулдашуу боюнча
айылдыккеңештинтөрагасытарабынанжактырылган,айылөкмөтүнүнжооптуукатчысы даярдаган токтомдун долбоору;
- токтомдун долбооруна маалымкат-негиздеме (маалымат);
- салыштырма таблица (колдонуудагы токтомго өзгөртүүлөр жана (же) толуктоолор киргизилген учурда);
- тийиштүүтуруктуу (убактылуу) комиссиялардын корутундусу же чечими;
- токтомдун долбоорун мамлекеттик органдардын тийиштүү бөлүмдөрү, уюмдар, мекемелер, ишканалар, жергиликтүү жамааттар (зарылчылыкка жараша) менен макулдашылганы жөнүндө маалыматкамтылган документтер;
- экспертиза жүргүзүүнүн (зарылчылыкка жараша) натыйжасында даярдалган эксперттик корутундулар.
37.2. Айылдык кеңештин токтому мамлекеттик жана расмий тилдерде киргизилет жана кабыл алынат.
Айыл аймагында жашаган мамлекеттик тилди билгендердин саны басымдуулук кылган шарттажанаайылдыккеңештинтоктомунмамлекеттиктилдекиргизүүжанакабылалуу
тууралуу айылдык кеңештин чечими болсо, айылдык кеңештин токтомун мамлекеттик тилде гана кабыл алууга жол берилет.
37.3.Регламенттин жана«КыргызРеспубликасынын ченемдикукуктукактылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынынталаптарын бузуу менен даярдалып кароого киргизилген токтомдун долбоору белгиленген тартипте бузуулар четтетилгенге чейин
кайтарылып берилүүгө жатат.
37.4. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген токтомдун долбоорунун текстинде:
- беттин оң жактагы жогорку бурчуна «Долбоор» деп жазылат;
- «Долбоор» деген сөздүн алдына долбоорду киргизген демилгечи (же кимге тапшырылганы) жана долбоор киргизилген дата көрсөтүлөт;
- төмөнүрөөктө, беттин ортосунда документтин аталышы берилет
« жөнүндө АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН ТОКТОМУ»;
- андан ары «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз
РеспубликасынынМыйзамынын11,12,17жана30-беренелериндебелгиленгентараптарды сактоо менен токтомдун долбоорунун тексти баяндалат;
- андан ары токтомдун күчүнө киришинин мөөнөтү такталат;
- органдарга жана/же кызмат адамдарына конкреттүү тапшырма берилет жана төрагалык кылуучунун колу коюлат;
- токтомдун аткарылышы үчүн кызмат адамына жана /жеоргангаконтроль жүктөлөт;
- токтомдун текстинин алдында төрагалык кылуучунун фамилиясы жана колу көрсөтүлөт.
37.5. Токтомдун долбоорунун маалымкат-негиздемесинде (маалыматында) мына бул маалыматтар камтылууга тийиш:
- ушул токтом кабыл алынгандан кийин жетишилүүчү же чечилүүчү максаттар жана милдеттер;
- кабыл алынган токтомдон кийинки болжолдонуучу социалдык, экономикалык,
гендердик, экологиялык, коррупциялык кесепеттер;
- эгер ал өткөрүлсө, коомдук талкуулоонун натыйжалары тууралуу маалымат;
- мыйзам долбоорунун өлкөнүн мыйзамдарына ылайык келишин талдоо;
- эгерде токтомду ишке ашыруу боюнча зарыл финансылык каражаттар керек болсо, аны каржылоонун булактары.
37.6. Тикеден-тике жарандардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыгын козгогон токтомдун долбоору, ошондой эле ишкердик ишти жөнгө салгантоктомдун долбоору айыл өкмөтүнүн, айылдык кеңештин маалымат тактасында жайгаштырылуу же коомдук угууларды, айылдык чогулуштарды өткөрүүменен коомдук талкуулануугажатат.
37.7.Талкуулоонунжүрүшүндөкоомдукталкуулоонун катышуучуларынантүшкөн
сунуштар кабыл алынат, каралат жана жалпылаштырылат.
Коомдук талкуулоонун натыйжалары боюнча аларды токтомдун долбооруна киргизүүнүн жекиргизбөөнүн себептериннегиздөөмененкелиптүшкөн сунуштартууралуу жыйынтыктоочу маалымат даярдалат.
Жыйынтыктоочумаалымат токтомдун долбооруна тиркелгенмаалымкат-негиздемеде
чагылдырылат.
37.8. Коомдук талкуулоону уюштуруу жана өткөрүү боюнча финансылык чыгымдар жергиликтүүбюджеттинкаражаттарынынэсебиненжанаКыргызРеспубликасынын мыйзамдары тыюу салбаган башка каражаттардан ишке ашырылат.
37.9. Токтомдун долбоору боюнча коомдук талкуулоонун мөөнөтү бир айдан кем эмес
болот.
37.10.Ишке ашыруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоону талап кылынган токтомдун долбоору,ал боюнча каржылоо булагы табылганга чейин каралууга жатпайт.
V БӨЛҮМ
АЙЫЛДЫК КЕҢЕШТИН АЙРЫМ ЫЙГАРЫМ УКУКТАРЫН ИШКЕ АШЫРУУНУН ТАРТИБИ
38-глава.Жергиликтүү бюджетти киргизүүнүн жана бекитүүнүн тартиби
38.1.Бюджеттикпроцесстиначыктыгынжанаайкындаган,жергиликтүүбюджетти түзүүгө жарандардын катышуусун жана жергиликтүү бюджетти аткаруунун натыйжалары тууралуу отчетту кароону камсыз кылуу максатында айылдык кеңештин төрагасыжана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы бюджеттин долбоорун ошондой эле жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчеттубюджет боюнча жергилктүү кеңештин туруктуу комиссиясынын кароосуна киргизгенге чейин бюджет боюнча коомдук угууларды демилгелөөгө жана аны уюштурууну жана өткөрүүнүайыл өкмөтүнүнбашчысына тапшырууга укуктуу.
38.2. Бюджет боюнча коомдук угуулардын натыйжалары жергиликтүү бюджеттин долбоорун жана анын аткарылышынын отчетун караган жана бекиткен учурда бюджет боюнча
туруктуу комиссиялардын мүчөлөрүнө, жергиликтүү кеңештин депутаттарына маалымат булагы катары кызмат кылат.
38.3. Айылдык кеңештин төрагасы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы айыл өкмөтүнүн, мамлекеттик салык кызматынан жана юридикалык жактардан жергиликтүү бюджеттиндолбоорун өз учурунда жана сапаттуутүзүү үчүн керектүү болгон бардык
маалыматтарды суратып алууга жана өзүнүн жыйындарында ошол органдардын жетекчилерин, коомдук угуулардын активдүүкатышуучуларын, демилгечи топторду, коомдук бирикмелерди жана башка кызыкдар адамдарды чакырууга жана угууга укуктуу.
38.4. ЖергиликтүүбюджеттиндолбоорунтүзүүүчүнзарылмаалыматтарКыргыз
Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптеберилет.
38.5. Бюджет боюнча туруктуу комиссия бюджеттин долбоорун алдын ала кароону жүргүзөт жана айыл өкмөтүнүн отчетун угат,коомдукугуулардын катышуучуларынан жана башка кызыкдар жактардан түшкөн сунуштарды эске алуу менен айылдык кеңештин сессиясына бюджеттин долбоору боюнчакорутундусун берет.
38.6. Айылдык кеңештин сессиясында жергиликтүү жамааттын жана башка кызыкдар
жактардын сын-пикирлерин жана сунуштарын эске алуу менен жергиликтүү бюджеттин такталган долбооруачык-айкынкаралат, ошондой эле коомдук угуулардын натыйжалары боюнчабюджеттин аткарылышы тууралуу айыл өкмөтүнүн отчету каралат.
38.7.Тийиштүү жылга жергиликтүү бюджетти бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышытууралуу айылдыккеңештинтоктомужергиликтүүЖМКгезитиаркылуу
жалпыга жайылтууга жатат жана документтердин көчүрмөсү маалымат тактайларына жайгаштырылат.
39-глава. Айылдык кеңештин жарандарынын мыйзам чыгаруу демилгесин кароо
39.1.Мыйзамдардын жана жергиликтүү жамааттын уставына ылайыкжарандармыйзам чыгаруу демилгесине ээ.
39.2. Жергиликтүү жамаат тарабынан айылдык кеңештин кароосуна киргизилген жана ушул Регламентте белгиленген тартипте жол-жоболоштурулган ченемдик укуктук актынын долбоору(токтомдундолбоору)демилгечитоптункатышуусуменентийиштүүтуруктуу
комиссия тарабынан каралат.
39.3. Айылдык кеңештин кароосуна киргизилген ченемдик укуктук актынын долбоору туруктуу комиссиянын корутундусун эске алуу менен демилгечи топтун, жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнүн катышуусунда айылдык кеңештин кезектеги же кезексиз сессиясында каралат.
39.4.Жергиликтүүжамааттарабынандемилгелегенченемдикукуктукактынын долбоорункароонун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган айылдык кеңештин чечимианы киргизген демилгечи топко, жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнө расмий жазуу түрүндө жеткирилүүгө тийиш.
40-глава. Айылдык кеңештин ишин чагылдыруу.
40.1 Айылдык кеңештин ишин чагылдыруу,жыйналыштарды теле көрсөтүү жана радио уктуруу,мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары боюнча берүү жолу менен, ошондой эле Ак-Жол айылдык жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын сайты аркылуужана маалымат тактайлары аркылуу камсызкылынат.
40.2. Айылдык кеңештин, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарын видео-сүрөткө тартуу, ошондой эле үндөрдү жаздырып алуу айылдык кеңеш тарабынан белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.
40.3 Айылдык кеңештин сессиялары, туруктуу жана убактылуу комиссиялардын жыйналыштарынтеле көрсөтүүгө, радио уктуруу га, мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттарына, кеңештин сайтына жана мааламат тактайларына чагылдырууга кетүүчү акча каражаттарынын чыгымдарыжергиликтүү бюджеттенкаржыланат.
40.4. Айылдык аймактын жергиликтуу оз алдынча башкаруу органдарынын сайтыайылдыккеңеш, анын түзүмдөрүнүниши, бекитилген иш пландарыжөнүндөдайыма жаңыланып туруучу маалыматтарды, статистикалык, талдоочулук маалыматтардыжана материалдарды, коштоочу документтери мененмыйзамдардын, токтомдордун долбоорлорунун электрондук версияларын , туруктуу комиссиялардан түшкөн жанакаралуучуотчетторду, корутундуларды, маалымдамаларды, ачык жыйналыштардын протоколдорун, стенограммаларын жана у.с. камтыйт.
40.5. Айылдык аймактын сайтына "Айылдык кеңешжөнүндө", "Депутаттык контроль", "Шайлоочулар мененбайланыш", "Пайдалуу шилтемелер", "Айылдык кеңештин башка жергиликтүү кеңештер аралыкиши" бөлүмдөрүнө маалыматтык материалдарды жайгаштырууну айыл аймагынын аппараттын тиешелүү кызматкерлери жүзөгө ашырат.
40.6. Маалыматтык материалдарды жайгаштырууну контролдоону айыл аймагынын Аппаратынын кызматкерлери жүзөгө ашырат.
40.7. Сайттын ишине жалпы контролду айылдык кеңештин торагасы жана жооптуу катчысы жүзөгө ашырат.
40.8 Радио жана видео блогдор айыл аймагынын жооптуу кызматкерлери тарабынан даярдалат жана сайтка жайгаштырылат.
40.9 Бул блогдорду техникалыкжактанкамсызкылуу айыл өкмөтүнүн аппаратынажүктөлөт.
40.10. Сайттын айылдык кеңешке тиешелүү бөлүмдөрүнүн аталыштарына өзгөртүүлөр айылдык кеңештин төрагасы менен макулдашуусуз киргизилиши мүмкүн эмес.
41-глава. Регламентти сактоо үчүн контролду ишке ашыруунун тартиби
41.1.Айылдык кеңештин Регламентинин жаңы редакциясы, ага өзгөртүүлөр жана толуктоолор айылдык кеңештиндепутаттарынын жалпы санынын көпчүлүк добушу менен айылдык кеңештин сессиясындакабыл алынат.
41.2. Депутаттар, депутаттардын тобу, туруктуу комиссиялар тарабынан демилгеленген айылдык кеңештин Регламентине өзгөртүүлөрдүжана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштар тийиштүү туруктуу комиссияларда каралгандан кийин айылдык кеңештинсессиясынынкүн тартибине киргизилет жана айылдык кеңештинсессиясында биринчи кезектеги тартипте каралат.
41.3. Айылдык кеңештин Регламентинин жоболорун чечмелеп түшүндүрүүнү айылдык кеңештин төрагасы жана төраганын орун басары ишке ашырат.
41.4.Айылдык кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышынаконтролдук кылуу айылдык кеңештин төрагасына жана төраганын орун басарына жана тийиштүү туруктуу комиссияга жүктөлөт. Айылдык кеңештин сессиясы учурунда айылдык кеңештин Регламентинин талаптарынын сакталышына контролдук кылуу сессияга төрагалык кылуучуга жүктөлөт.