Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 3
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси боюнча айыл Өкмөт башчысы Б.Мырзагуловдун 2017-жылга даярдалган айыл Өкмөттүн социалдык-экономикалык өнүгүү планынын долбоорун карап чыгып ,талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII - чакырылышынын кезектеги II - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2017-жылга карата түзүлгөн социалдык-экономикалык өнүгүү планы кээ бир алымча-кошумчалары жана иш чарасы менен кошо бекитилсин .
2. Социалдык -экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча калктуу конуштарда эл менен болгон жолугушуу учурларында маалымат берип туруу жагы айыл Өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |