Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2017-жылдын 10-февралы №4
Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин жылдык отчету. 2016-жылга карата бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга карата бюджетти бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясынын күн тартибиндеги төртүнчү маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын мучосу, депутат СтанбековАлмазбектин жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасы Н.Молдобаевдин берген билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн алдындагы Жайыт комитетинин төрагасынын жылдык отчету кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандырарлык деп белгиленсин.
2. Жайыт комитетинин 2016-жылга карата бюджетинин аткарылышы кээ бир кемчиликтерди эске алуу менен канааттандыралык деп белгиленсин.
3. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата бюджети кээ бир алымча-кошумчаларды эске алуу менен бекитилсин.
4. Жайыт мыйзамынын жоболорун бузуп,жайыт билетин албай жана жайыт билетин узартпай чыккан жайыт пайдалануучуларга айып акы салынаары эскертилсин.
5. Жайыт билетин алуу учун жайыт пайдалануучулар төрт түлүк малын эмдөөдөн өткөндүгү тууралуу тактаманы (вет.справка) айыл Өкмөтүнүн ветеринардык врачынан алуу жагы милдеттендирилсин.
6. Айылдык Кеңештин аймагындагы төрт түлүк малдан алынуучу салык статтык отчетто корсотулгон малдын башына эмес ар бир атуулдун кармаган малына , жайыт билетине киргизилген малдын санына жараша топтоо жагы колго алынсын.
7. Жайыт комитетинин 2017-жылга карата салык алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматына негиз төмөндөгүдөй бекитилсин (тиркеме тиркелет).
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жайыт комитетинин башчысы Н.Молдобаевке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |