Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2017-жылдын 10-февралы №5
Айыл өкмөттүн турак-жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адистеринин калкка көрсөткөн кызматы жана жер боюнча байланышкан тарифтерди кароо жана бекитүү жѳнүндѳ
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси боюнча айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат И Сатыбековдун жана Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча адиси М.Смановдун,Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн жер жана Турак –жай, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча адиси М.Смановдун, Ак- Жол айыл Өкмөтүнүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча адиси Ч.Сейитбековдун жүргүзүп жаткан иштери жана элди тейлөөдөгү көрсөткөн кызматы канааттандырарлык деп белгиленсин .
2. Айыл Өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштар боюнча турак-жайы жер көчкүгө, жер жылууга дуушар болуп , узак мөөнөттүү кредит алган атуулдарды көчүрүү иштерин колго алуу жагы Ч.Сейитбековго жүктөлсүн.
3. Айыл Өкмөтүнүн жер адистерине айылдык аймактын келечек пландарын кайрадан карап чыгуу жана айыл Өкмөтүнүн аймагындагы жер аянттарын инвентаризациялоо иштерин колго алуу жагы милдеттендирисин.
4. “Кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин,обьектилерди көзөмөлдөө,ижарага берүү жана сатуу жалпы жер маселелери” боюнча кайрадан түзүлгөн комиссиянын курамы жөнүндөгү Ак-Жол айыл Өкмөтүнүн 2016-жылдын16-февралындагы №6-буйругу жана”Жазгы,жайкы жайыттарга көчүп чыгуу,бада акыларын белгилөө” жөнүндөгү 2017-жылдын 09-февраль күнкү №6-буйругу бекитилсин
Төрага | Т.Батыралиев |