Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 6
Кечүү, Жолборсту айылдарынын айыл башчыларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясынын күн тартибиндеги алтынчы маселеси боюнча Кечүү айыл башчысы С.Алыбаевдин жана Жолборсту айылынын айыл башчысы Б.Райымбековдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы жөнүндө билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Жолборсту айылынын айыл башчысы Б.Райымбековдун жыл ичинде жүргүзгөн иштери, эл менен иш алып баруусу , мамлекетибиздин алган багыты боюнча түшүндүрүү иштерин алып баруусу учур талабына ылайык экендиги белгиленсин.
2. Кечүү айыл башчысы С.Алыбаевдин жыл ичинде жүргүзгөн иштери, элди тейлөөдөгү абалы канааттандыралык деп табылсын.
Төрага | Т.Батыралиев |