Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII- чакырылышынын кезексиз II-сессиясы
2017-жылдын 10-февралы № 7/1
Ак-Жол айыл Өкмөтүнун аймагында Элге ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин кароо жана аны бекитүү жөнүндө
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясынын күн тартибиндеги ар турдүү маселесинин 7/1- маселеси болгон Ак-Жол айыл Өкмөтүнун аймагында Элге ветеринардык кызмат көрсөтүүнүн тарифтерин кароо жана аны бекитүү боюнча Ак-Жол айыл Өкмөтүнун вет. инспектору Т Суеркуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги II - сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштардагы элге ветеринардык кызмат көрсөтүү боюнча 04.04.2016-жылдагы № 27-буйругу менен бекитилген тарифтер алымча кошумчасы менен бекитилсин.
2. Бекитилген тарифтер аймактагы элге кызмат көрсөткөн бардык вет.сервистин мүчөлөрүнө ,санитарларга жеткирүү, токтомду көзөмөлдөө вет . инспектор Суеркулов Тынарбекке милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Батыралиев |